Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:53

Facebook касамы


Facebookтун ээси Марк Зуккерберг өзгөрүүлөр жөнүндө айтты, 26-май, 2010
Facebookтун ээси Марк Зуккерберг өзгөрүүлөр жөнүндө айтты, 26-май, 2010

Дүйнөдө 500 миллион адам колдонгон Facebook сайты жеке адамдын маалыматын жашыруун сактоо функцияларын күчөттү. Сайтты колдонгон адамдын жеке өзүнө тиешелүү маалымат оңой эле ачыкка чыгып, же башка бирөөлөргө берилип калат деп наарызы болгондор көбөйгөн эле.

Facebook сайтын колдонгон адамдардын жеке профайлын, ага тиешелүү маалыматты рекламачылардан тарта жөнөкөй хакерлер да уруксатсыз эле ала алышат экен деген кооптонуулар акыркы айларда көбөйгөн.

Буга сайттын өзүн колдонгондор, америкалык адвокаттар жана Евробиримдик кескин нааразылыгын билдиришти. Андыктан компаниянын башчысы Марк Зуккерберг (Mark Zuckerberg) шаршембиде Калифорниядагы маалымат жыйынында өзгөрүүлөр болоорун убада кылды.

“Бизге айтылган эң башкы сын – ар бир адам өзүнө тиешелүү маалыматты ким менен бөлүшөөрүн өзү көзөмөлдөп тургудай болушу керек. Муну, албетте, колдойбуз, - деди Зуккерберг. - Ал үчүн биз бүгүн үч жаңы нерсени киргизип жатабыз. Эң оболу, сиз жөнүндө ким толук маалымат ала ала турганын өзүңүз тандай аласыз. Биз эч нерсени өчүрүп же алып салган жокпуз. Болгону сиз өзүңүзгө тиешелүү бүт маалыматты башкарчудай бир эле функцияны киргиздик”.

Сайтты колдонуп жаткандар эч кимге өзүнүн профайлына кирүүгө уруксат бербегидей кылып, сунушталып жаткан үч вариантты тең кабыл албай коюшса да болот.

Баш катырма

Ошол эле учурда Зуккерберг кандай гана социалдык түйүн болбосун, ал адамдардын бири-бири менен маалымат алмашуусун жеңилдетүүнү көздөөрүн кайталады. Ошондуктан адам жөнүндө жеке маалыматты жашырып, бир эле учурда колдонуучулардын санын көбөйтүү бири-бирине каршы келчү татаал иш болоорун эскертти.

Фэйсбукту колдонуп жаткандар алар жөнүндө маалымат өздөрүнүн досторунун ичинде гана калбай, реклама жасаган ишканаларга да оңой эле берилип калаарына зээни кейигенин айтышууда. Буга жол бербегенге да болот. Бирок Фэйсбуктун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн, аны иштетүүнүн жолдорун жакшы билбеген адамга анын баарын саздап-маштап отуруунун өзү чоң машакат.

Бул ойду Европада Фэйсбукту көптөн бери колдонуп жүргөн Сабрина Древсфелтт (Sabrina Drevsfeltt) да ырастады.

“Мен өзүм жөнүндө маалыматты мүмкүн болушунча жашырганга аракет кылам, - дейт ал. - Бирок анын кайсынысы ачыкка чыгып кетип жатканын билиш оңой эмес. Бул бир аз кыжаалатка салат”.

Аста-секин аракет

Сайттын ээси Зуккерберг Фэйсбуктагы өзгөрүүлөр бир нече аптада толук ишке кирээрине ишендирди. Бирок ал өзгөрүүлөр адамдардын өздөрүнө гана тиешелүү маалыматы башкалардан коргоого жетиштүү болор-болбошу азырынча белгисиз. Анткен менен сайттын жетекчилиги кемчиликти оңдогонго заматта киришкенин көпчүлүк колдоду.

Ланс Уланофф (Lance Ulanoff) – “Жеке компьютерлер” журналынын редактору: “Булар киргизилиши зарыл болгон чоң өзгөрүүлөр эле. Facebook өзүнүн колдонуучуларынын талабы менен эсептешиши керек болчу. Компанияга сын көп айтылган. Алар былтыр декабрда да бир топ нерсени өзгөртүшкөн. Бирок андан бери өтө эле көп жаңы функциялар ишке кирди. Ошондуктан нааразы болгондордун арыз-муңун эшиткенге да бир топ убакыт коротушту”.

Айрым аналитиктер Фэйсбук жеке менчик ишканасы былтыр рекламадан 500 млн.доллардан 650 млн.долларга чейин киреше тапканын айтышат. Рекламачылар өздөрүнүн жарнамасын көп учурда адамдардын жеке профайлдарында жайгаштырышчу.

("Азаттык плюстун" Facebook баракчасын көрүңүз)
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG