Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Флойддун сөөгү жерге берилгенде акциялар өтөт


Хьюстондогу чиркөөдө Флойд менен коштошууга келгендер. 8-июнь, 2020-жыл.
Хьюстондогу чиркөөдө Флойд менен коштошууга келгендер. 8-июнь, 2020-жыл.

АКШда афро-америкалык жаран, полициянын колунан каза тапкан Жорж Флойдду шейшембиде Хьюстон шаарына коюшат. Анын өлүмү расизмге, полициянын зомбулугуна каршы нааразылык акцияларды тутантып, АКШдан башка жерлерге да жайылды. Маркум жерге берилгенде Париж, Женева, Рим, Оксфорддо эскерүү акциялары өткөнү жатат.

Алдынкы күнү Флойд менен коштошууга миңдеген адамдар келишип, чиркөөнүн алдында узун кезекке турушту. Маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтуу үчүн Хьюстонго мурдагы вице-президент Жо Байден да барды. Ал ноябрда өтө турган президенттик шайлоого катышууну ниеттенүүдө.

Ал арада Конгресстеги Демократиялык партиянын өкүлдөрү полиция системасын реформалоо боюнча мыйзам долбоорун сунушташты. Демилгечилер Сенат колдоп берген шартта мыйзам ай соңуна чейин кабыл алынарына үмүттөнүп жатышат.

Жорж Флойд 25-майда көз жумган. Анын өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен төрт полициячы кармалган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG