Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:42

Сасык тумоо элди кыйнады


Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасы.

Кыргызстанда кышкы мезгилде сасык тумоо менен ооругандар мындан 10 жыл мурдагыдан төрт эсе көбөйдү. Бирок ооруканалардагы орундар, дарыгерлердин саны андан бери өзгөрө элек.

Ушундан улам баш калаадагы ооруканаларда дарыгерге көрүнүш үчүн кезек күткөндөр көп болуп жатат. Бейтапканалар сасык тумоону дарылай албай калдыбы? Эмнеге эпидемиологиялык кырдаал жыл сайын суук түшкөндө күчөп, Саламаттык сактоо министрлиги аны көзөмөлдөй албай калат?

Ушу тапта Республикалык жугуштуу оорулардын ооруканасында бут коёрго жер жок. Ондон ашык бөлүм бейтаптарга жана алардын жакындарына жык толгон. Декабрдын ортосунан бери 400 орундуу бул жайда күнүгө 700дөй киши жатат.

Кабыл алуу бөлүмүндө кезек күткөндөр да арбын. Элнура Жакыпбекова - ооруканага бир жаштагы уулунун дене табы түшпөй кайрылгандардын бири.

Элнура Жакыпбекова.
Элнура Жакыпбекова.

- Уулумдун дене табы 40 градустан түшпөй жатат, - деди ал. - Азыр эле шашылыш бул ооруканага келдик. Алгач бейтапканага барганбыз. Ал жактан дарыгерлер жардам бере албайт экен. 40 градустан өткөндөрдүн баарын эле ушул ооруканага жиберип жатышат. Уулум беш күндөн бери ооруп жатат. Дене табын түшүрүш үчүн дары бергенимден майнап чыкпай койду.

Сасык тумоосу күчөп кеткен жарандар кайрылган бул ооруканага акыркы бир жумада миңден ашуун адам келсе, алардын 90% - дене табы көтөрүлүп, ооруга туруштук бере албаган жаш балдар. Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасы да сасык тумоосу күчөгөн наристелерди кабыл алат.

Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн жетекчиси Асел Алабасова 2004-жылдан бери оорулар төрт эсе көбөйгөнүн айтты:

- 2004-жылы биздин оорукана 21 миң 414 адамды кабыл алса, 2018-жылы 83 миң 592 киши сасык тумоо менен биздин ооруканага түштү. Оорулуулар он жылда төрт эсе көбөйдү. Ал эми оорукана бирөө эле. Баарын кабыл алганга милдеттүүбүз. Ооруканадагы орундар 400 кишиге ылайыкталган болсо, кээде анда жаткандар 750-800дөн ашып кетет. Бизде көбүнчө оорусу өтүшкөн балдар жатат. Аларды баккан энелерин, аталарын кошкондо батпай калышат. Анан коридорлорго керебет коёбуз.

Алабасова бейтаптардын көбөйүшүнүн башкы себебин ички миграциядан көрөт. Ал аз келгенсип, шаарда жугуштуу ооруларды бекер дарылап, дароо кабыл алган эки гана оорукана бар. Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасы менен Жугуштуу оорулардын клиникасы гана сасык тумоосу күчөп кеткендерге жардам берет. Мындан тышкары ооруп калган адамдар жашаган жери боюнча бейтапканаларга кайрылышы керек.

Асел Алабасова азыркы тапта ооруканага келгендердин кайсы бейтапканага карай турганын аныктап, ал жактагы дарыгерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын да кошумчалады:

Асел Алабасова.
Асел Алабасова.

- Бейтапканалар менен деле тыгыз иштешкенге аракет кылып жатабыз. Ар бир дарыгер бирден участок бөлүп алып, кайсы бейтапканадан оорулар бизге көп келсе, барып, ал жакта иштеген кесиптештерге кеңеш берүүдөбүз. Анан «бейтапкананын бизге жиберген жолдомосу болмоюнча карай албайбыз» деп деле айтабыз. Бирок бейтаптар «Тез жардам» аркылуу, өздөрү деле келе беришет. Аларды кароого милдеттүүбүз да.

«Эмнеге жыл сайын сасык тумоо күчөп, ооруканаларга эл батпай калат?» деген суроону Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу башкармалыгына да узаттык. Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева буларды айтты:

- Жыл сайын эле аба ырайы суук маалда сасык тумоо менен ооругандар көбөйөт. Аларга убагында жардам бериш үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын буйрук чыгарган. Анын негизинде азыр үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, бейтапканаларда иштеген дарыгерлер ооруларды дем алышсыз кабыл алууда. Ишемби, жекшемби, майрам күндөргө карабай, кечки саат 18:30га чейин бейтаптарды көрүп жатышат. Мунун баарын ооруканаларда кезек күтүүнү азайтыш үчүн кылып жатабыз. Андан тышкары кошумча керебеттер да коюлду. Мисалы, Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасына 50 керебет койдук.

Адистердин айтымында, сасык тумоологон адам үч күндөн бир жумага чейин өзүн жакшы сезгиче үйдөн чыкпай, вируска каршы дарыларды жана жылуу суюктукту көп ичип айыгышы керек. Улам-улам кайталанган тумоонун башкы себеби - адам айыкпай эле кайра элге аралашып, вирусту жайылтып жатканында.

Ооруканада жаткан ата-энелердин көбү чүрпөсүнүн дене табы түшпөгөндүктөн айла жок келишкенин айтышат.

Жугуштуу оорулардын дарыгери Шайназар Закиров балдардагы дене табын туура түшүрүүнүн жолун сунуш кылды:

- Температура 38,5 градус болгуча организм вирус менен өзү күрөшүшү керек. Балада өнөкөт оорулар болбосо, ДЦП же тубаса кемтик дарттары жок, дени сак баланы дары бербей эле дене табын тушүрүүгө аракет кылган оң. Ал үчүн жеңил кийинтип, суюктукту көп бериш керек. Качан гана температура 38,5дан өткөндө парацетамол берген оң. Сасык тумоо маалында денедеги суюктук кишиден качат. Андыктан жылуу суу же башка суюктукту болушунча көп ичиңиздер.

Декабрь айынын акыркы жумасында Бишкек жана Ош шаарлары боюнча өлкөдө сасык тумоо менен ооруган 7 миңдей киши катталса, январь айынын биринчи жумасында алар азайып, 5 миңдей болду. Саламаттык сактоо министрлиги жылына ден соолугу опурталдуу топко кирген 150 миң адамды сасык тумоого каршы эмдейт. Мындай вакцинаны кош бойлуу аялдар, дем алуу органдары катуу ооругандар, медициналык кызматкерлер алышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG