Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:42
Жапония менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 15.06.2021-ж. Жапония.
Жапония менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 15.06.2021-ж. Жапония.

Футбол: Жапония - Кыргызстан 5:1

Бүгүн, 15-июнда, Жапония менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешип, 5:1 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетти. Оюн Жапониянын Суита шаарындагы Panasonic стадионунда болду.

Оюндагы голдорду Жапония тараптан Ода Анаву (27, 31, 33), Сё Сасаки (73), Такаму Асано (78) киргизсе, кыргыз тарапка таандык голду пенальтиден Мирлан Мурзаев (45+1) киргизди.

Кыргызстандын дарбазасын Павел Матяш коргоду. Ал буга чейин коронавируска шектелип, сары тизмеге кирип, оюнга чыкпай калышкан үч дарбазачыны алмаштыруу үчүн 11-июнда Жапонияга жөнөп кеткен. Бул чектөөлөр Жапония өкмөтүнүн COVID-19 илдетине каршы чаралары болууда.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда өтчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болду.

Кыргызстан менен Жапониянын улуттук курамалары 2019-жылы Бишкекте күч сынашып, кыргыз спортчулары 0:2 эсебинде утулган.

Жапониянын Осака шаарында 7-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип, 11-июнда Мьянманы 8:1 эсебинде уткан.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

15-июнда Жапония менен Кыргызстан беттешинен сырткары Тажикстан - Мьянма командалары да ойноп, тажик футболчулары 4:0 эсебинде жеңишке жетти.

Бул оюндардан кийин F тайпасындагы командалардын тандоо оюндарынын 2-баскычындагы ээлеген орундары аныкталды.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада сегиз оюндан кийин 24 упай топтогон Жапония сап башына чыкты. Сегиз оюнда 13 упай топтогон Тажикстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Кырызстан 3-тепкичке жайгашты. Бул команда да сегиз оюн өткөргөн. Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, сегиз оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат. Ал эми 2-орунду ээлеген төрт начар команда, 3-орундагы сегиз команда жана 4-катарда жайгашкан төрт мыкты команда Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-баскычына жолдомо алат. Кыргызстан Дүйнө чемпионатынын тандоо турларынан четтеди. Анткен менен Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-баскычында ойнойт.

17:06 15.6.2021

Гол! 31-мүнөттө Жапониянын чабуулчусу Адо Онайву 2-голдун автору болду. Жапония - Кыргызстан 2:0

17:10 15.6.2021

Жапониянын чабуулчусу Адо Онайву хеттрик жасады. 33-мүнөттө кыргыз тараптын дарбазасына башы менен топту багыттап, 3-голду киргизди. Жапония - Кыргызстан 3:0

17:24 15.6.2021

Го-о-ол! Чабуулчу, капитан Мирлан Мурзаев жапон дарбазасына кирген бүгүнкү оюндагы алгачкы голдун ээси болду. 1-таймдын бүтөрүнө саналуу гана мүнөттөр калганда (45+1) Кыргызстандын чабуулчусу Гүлжигит Алыкуловду айып аянтынан жапон футболчусу буттан чалып, одоно ойноду деген негизде пенальти дайындалды. Топ тебүү шыбагасы капитан Мирлан Мурзаевге тийип, бул учурду ал колдон чыгарбай, топту дарбазага ийгиликтүү багыттады. Жапония - Кыргызстан 3:1

17:42 15.6.2021

Кыргыз футболу кылым карытты

Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.

Адистер ушул беттеш кыргыз футболунун тарыхынын башталышы деп эсептешет. Андан 13 жыл өткөн соң, тагыраагы 1934-жылы Кыргыз ССРнин футбол боюнча чемпионаты негизделген. Ошондон тартып өлкөдө байма-бай футболдук беттештер өтүп, Кыргыз ССРнин курама командасы чет өлкөлүк топтор менен беттештерди өткөрүп келген.

Кыргызстан эгемен болгондон кийин 1992-жылы Футбол федерациясы түзүлүп, 1994-жылы ал Эл аралык футбол федерациясына (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясына (АФК) мүчө болгон. 1992-жылдан тартып, азыркы күнгө чейин улуттук курама команда жалпы 126 расмий беттеш өткөрдү.

Кыргыз футболчуларынын каймана аты "Ак шумкар".

Кыргыз футболу кылым карытты

Фрунзе шаарынын "Крупская" атындагы футболдук клубу. 1932-жыл.

Кыргызстанда 1921-жылдын 21-мартында Пишпекте (азыркы Бишкек) жергиликтүү команда менен Верный (Алматы) шаарынын командасы жолдоштук беттеш өткөргөн.

1/15 Фрунзе шаарынын "Крупская" атындагы футболдук клубу. 1932-жыл.

Кыргызстанда 1921-жылдын 21-мартында Пишпекте (азыркы Бишкек) жергиликтүү команда менен Верный (Алматы) шаарынын командасы жолдоштук беттеш өткөргөн.

Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
"Фрунзе" жана "Ленинград" футбол клубдарынын беттеши. 1946-жыл.

Кыргыз ССРиндеги алгачкы футболдук командалар Фрунзе шаарында түптөлгөн. Анда "Динамо", "Спартак" жана "Буревестник" ХХ кылымдын 30-жылдары пайда болгон.
2/15 "Фрунзе" жана "Ленинград" футбол клубдарынын беттеши. 1946-жыл.
Кыргыз ССРиндеги алгачкы футболдук командалар Фрунзе шаарында түптөлгөн. Анда "Динамо", "Спартак" жана "Буревестник" ХХ кылымдын 30-жылдары пайда болгон.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
Фрунзе шаарынын жана Ворошилаград шаарынын футбол клубдарынын беттеши. Сүрөт кайсы жылы тартылганы белгисиз.

Кыргыз ССРнинде клубдар арасындагы алгачкы чемпионат 1934-жылы өтүп, Фрунзе шаарынын командасы чемпион аталган.
3/15 Фрунзе шаарынын жана Ворошилаград шаарынын футбол клубдарынын беттеши. Сүрөт кайсы жылы тартылганы белгисиз.

Кыргыз ССРнинде клубдар арасындагы алгачкы чемпионат 1934-жылы өтүп, Фрунзе шаарынын командасы чемпион аталган.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
Кыргыз ССРнин футбол боюнча чемпионаты 1934-жылдан 1991-жылдар аралыгында өткөн.
4/15 Кыргыз ССРнин футбол боюнча чемпионаты 1934-жылдан 1991-жылдар аралыгында өткөн.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
"Алга" жана "Уралмаш" футбол клубдарынын беттеши. 1964-жыл. Фрунзе шаарындагы Спартак стадион. Бул стадион 1939-жылы курулуп баштап, 1941-жылы ишке кирген. Аталган стадиондо Фрунзе шаарынын футбол клубдары беттештерди өткөрүп келген. Азыр бул стадион Кыргыз ССРнин биринчи спорт комитетинин жетекчиси Дөлөн Өмүрзаковдун атын алып жүрөт. Мында "ак шумкарлар" расмий беттештерин өткөрүп келет.
5/15 "Алга" жана "Уралмаш" футбол клубдарынын беттеши. 1964-жыл. Фрунзе шаарындагы Спартак стадион. Бул стадион 1939-жылы курулуп баштап, 1941-жылы ишке кирген. Аталган стадиондо Фрунзе шаарынын футбол клубдары беттештерди өткөрүп келген. Азыр бул стадион Кыргыз ССРнин биринчи спорт комитетинин жетекчиси Дөлөн Өмүрзаковдун атын алып жүрөт. Мында "ак шумкарлар" расмий беттештерин өткөрүп келет.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
"Алга" жана "Днепр" футбол клубдарынын беттеши. 1965-жыл. 1947-жылы Фрунзе шаарында "Зенит" деп аталган футболдук клуб негизделген. 1961-жылы бул клуб "Алга"  болуп өзгөргөн.
6/15 "Алга" жана "Днепр" футбол клубдарынын беттеши. 1965-жыл. 1947-жылы Фрунзе шаарында "Зенит" деп аталган футболдук клуб негизделген. 1961-жылы бул клуб "Алга"  болуп өзгөргөн.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
Фрунзе жана Ташкент шаарларынын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. Фрунзе, 1948-жыл.
7/15 Фрунзе жана Ташкент шаарларынын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. Фрунзе, 1948-жыл.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
"Буревестник" футбол клубу, 1949-жыл. Аталган клуб 1939-1950-жылдар аралыгында Кыргыз ССРиндеги эң күчтүү клубдардын бири болгон. Үч жолу Кыргыз ССРнин чемпиондугун утуп алган. Беш ирет Кыргыз ССРнин Кубогун (1936,1947,1948,1949,1950-жылдары) уткан. Эки ирет СССРдин Кубогуна катышкан. 1950-жылдардан кийин бул клуб жоюлуп кеткен.
8/15 "Буревестник" футбол клубу, 1949-жыл. Аталган клуб 1939-1950-жылдар аралыгында Кыргыз ССРиндеги эң күчтүү клубдардын бири болгон. Үч жолу Кыргыз ССРнин чемпиондугун утуп алган. Беш ирет Кыргыз ССРнин Кубогун (1936,1947,1948,1949,1950-жылдары) уткан. Эки ирет СССРдин Кубогуна катышкан. 1950-жылдардан кийин бул клуб жоюлуп кеткен.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
Фрунзе жана Ленинград шаарларынын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. Фрунзе. 1946-жыл. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары футболдук мелдештер өткөн эмес.
9/15 Фрунзе жана Ленинград шаарларынын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. Фрунзе. 1946-жыл. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары футболдук мелдештер өткөн эмес.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
Фрунзе жана Сталинабад шаарларынын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. 1948-жыл.
10/15 Фрунзе жана Сталинабад шаарларынын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. 1948-жыл.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
Кыргыз ССРнин футбол боюнча курама командасы Финляндиянын курама командасы менен 1957-жылы беттешкен.
11/15 Кыргыз ССРнин футбол боюнча курама командасы Финляндиянын курама командасы менен 1957-жылы беттешкен.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
Кыргыз ССРнин футбол боюнча курама командасы жана Финляндия курама командасынын беттеши Фрунзедеги Спартак стадионунда өткөн. Сүрөт 1957-жылы тартылган.
12/15 Кыргыз ССРнин футбол боюнча курама командасы жана Финляндия курама командасынын беттеши Фрунзедеги Спартак стадионунда өткөн. Сүрөт 1957-жылы тартылган.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
Кыргыз ССРнин футбол боюнча курама командасы Фрунзе шаарында бир канча эл аралык беттештерди өткөргөн.
13/15 Кыргыз ССРнин футбол боюнча курама командасы Фрунзе шаарында бир канча эл аралык беттештерди өткөргөн.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
14/15

Совет доорунда футбол ышкыбоздору көп болуп, стадион көрүүчүлөргө жык-жыйма толуп турганын сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин футбол көрүү үчүн стадионго келген адамдардын саны кескин азайган. Акыркы төрт жылда көрүүчүлөрдүн катары көбөйө баштады.
15/15 Совет доорунда футбол ышкыбоздору көп болуп, стадион көрүүчүлөргө жык-жыйма толуп турганын сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин футбол көрүү үчүн стадионго келген адамдардын саны кескин азайган. Акыркы төрт жылда көрүүчүлөрдүн катары көбөйө баштады.
Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG