Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегиз жарымда башталды. Кыргызстандыктар кызыл, филиппиндиктер ак кийимчен ойноп жатышат. Мелдеш жүрүшүнө өзбекстандык рефери Равшан Эрматов баштаган калыстар тобу көзөмөл кылууда. Оюн башталганда Кыргыстандын капитаны Талант Самсалиев бул беттештен кийин чоң спорттогу карьерасын жыйынтыктаары белгилүү болду.
Футбол беттешине байланыштуу шаардын көчөлөрүнө кечки саат бештен онго чейин авто кыймылына чектөөлөр киргизилерин Ички иштер министрлиги кабарлаган.
Август айындагы ФИФА рейтингинде Кыргызстан 105-, Филиппин 134-орунда.
30-августта кыргыз футболчулары Бишкекте казакстандыктарды кабыл алып, 2:0 эсебинде уткан.