Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Футбол: тең оюнга машыктыруучулар нааразы


Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 8-октябрь, 2015-ж. Бишкек.
Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 8-октябрь, 2015-ж. Бишкек.

​Кечээ, 8-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 2-2 эсеби менен аяктады.

2018-жылы Орусияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна тайпалык тандоо оюндарынын 2-раундундагы Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын беттеши Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8де башталды. Оюн үчүн футбол федерациясы тарабынан 18 миң билет сатыкка чыгарылган. Кийин оюн башталганда федерация өкүлдөрү стадионго 17600 көрүүчү келгенин маалымдашты. Бул беттеште коопсуздук күчөтүлүп, 4,5 миңге жакын кызматкер коомдук тартипке көзөмөл кылып турушту. Стадионго канатташ жайгашкан көчөлөр оюн башталганга 2-3 саат калганда курчалып, билетсиз адамдар стадион тарапка өткөрүлбөдү. Бул аракеттердин натыйжасында үч жарым ай мурда өткөн Кыргызстан менен Австралиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын оюнунда болгон көрүнүштөргө жол берилген жок.

Эске салсак, ошол Австралия менен болгон таймаштан кийин Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Кыргызстандын футбол федерациясына стадионго күйөрмандын чуркап чыгышы, стадионго орундуктардан ашык элдин кириши жана файердин жагылышы боюнча дисциплинардык 3 айыпты белгилеп, 28 миң доллар айып салган эле. Бул оюндун начар уюшулганына байланыштуу өкмөт башчы Темир Сариев Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кадырбек Эргешовго алгач сөгүш берип, көп өтпөй кызматтан алган.

Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 8-октябрь, 2015-ж.
Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 8-октябрь, 2015-ж.

​​Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын оюнун көрүү үчүн расмий өкүлдөрдөн 1-вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев келди. Алгач эки өлкөнүн гимни ойнолуп, таймаш башталганда эле талаа кожоюндары демилгени колго алышты. Жарым коргоочу Бактияр Дүйшөбеков оюн жаңы башталган жетинчи мүнөттө Тажикстан командасынын дарбазасына топ киргизип эсепти ачты. Андан соң кыргыз тараптан Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев жана Антон Землянухиндерге топ киргизүүгө оңтойлуу учур келгени менен, аракеттери натыйжа алып келбей калды. Ошентип биринчи тайм кыргыз футболчуларынын утушу менен аяктап, командалар 15 мүнөттүк эс алууга чыгышты.

Экинчи таймда тажикстандык футболчулар катары менен кыргыз тараптын дарбазасына гол киргизип, артыкчылыкка ээ болушту. Тактап айтканда, 64-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Дениэл Тего тажик футболчусунун одоно ойногондугуна байланыштуу жыгылып калган кезде, дарбазачы Павел Матяш Тегону көздөй алдыга басып дарбазадан алыстап кеткен. Ошол учурда тажик оюнчусу Жахонгир Жалилов топту жай эле дарбазага багыттап, эсепти ачып койду. Бул окуядан 5 мүнөт өткөндөн кийин тажик коргоочусу Фарход Восиев пенальтиде гол киргизүүгө жетишти. Ал кыргыз футболчуларынын айып талаасынан коргоочу Курсан Шератовдун колуна тийген топтон улам дайындалган 11 метрлик айып тобу болчу. Шератов 3 сары кагазын алып бир оюндан четтетилген Валерий Кичиндин ордун алмаштырган эле. Бул экинчи таймдын жүрүшүндө өз айып талаасында тажик жарым коргоочусунун да колуна топ тийген. Бул көрүнүштү ирандык башкы калыс Моуд Бонядифард байкаганы менен, эреже бузуу айып аянтчасынан сырткары болгон деп пенальти дайындабай сары кагаз берүү менен гана чектелди.

Кыргызстандын жарым коргоочусу Антон Землянухин Тажикстандын дарбазасына 11 метрлик айып тобун тебүүдө. 8-октябрь, 2015-ж. Бишкек.
Кыргызстандын жарым коргоочусу Антон Землянухин Тажикстандын дарбазасына 11 метрлик айып тобун тебүүдө. 8-октябрь, 2015-ж. Бишкек.

Акырында кыргыз тарап оюн аяктар алдында - кошумча берилген 4 мүнөттө 11 метрлик айып аянтчасынан Антон Землянухин тепкен топ менен эсепти теңешти. Пенальтиге чейин айып тобу туура эмес белгиленди деп калыс менен талашкан тажик коргоочусу Фарход Восиев кызыл айып кагазын алып, оюндан чыгарылган болчу.

Оюндан кийин болгон маалымат жыйынында Тажикстандын башкы машыктыруучусу Мубин Эргашев беттеш жыйынтыгына нааразы экенин айтып, шакирттеринин жеңишти камсыздай албагандыгына өкүнүп турганын жашырган жок.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин шакирттеринин кетирген кемчиликтери териштирилерин билдирди.

- Оюн жыйынтыгына капа болдум. Көп мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгардык. Кээ бир оюнчулардын мага түшүнүксүз болгон каталарынан улам атаандаштар гол киргизип кетишти. Эми ал кемчиликтерди териштиребиз. Кийинки оюнда курам өзгөрүшү мүмкүн. Турнирдик таблицадагы азыркы абалыбызга карабай, тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин айта кетейин. Алдыда 4 оюнубуз бар. Ошол оюндарда жеңишке жетүүгө болгон күч аракетибизди жасашыбыз зарыл.

Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары бул сапар 11 - жолу беттешти. Буга чейинки 10 таймашта Кыргызстан 2 жолу жеңип, 1 жолу тең ойноп, 7 жолу утулган.

Кыргызстан футбол федерациясынын вице-президенти Өмүрбек Кутуев кыргыз-тажик беттешине купулга толорлук оюн деп баа берди. Анын айтуусунда, жеңишке жетүүгө шарт бар болчу.

- Биздин футболчулардын айрымдары Германия, Сербия, Орусия өлкөлөрүнөн келишти. Үч күндө климатка көнүү кыйын. Ошондуктан алар күтүлгөндөй ойной алышкан жок,- деди Кутуев.

Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешин көрүүгө келген күйөрмандын бири. 8-октябрь, 2015-ж. Бишкек.
Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешин көрүүгө келген күйөрмандын бири. 8-октябрь, 2015-ж. Бишкек.

Оюндан кийин 50гө жакын күйөрман бир саатка жакын убакыт бою кыргыз футболчуларын узатуу үчүн күтүп туруп тарашты. Ыр ырдап, командага алдыдагы оюндарга ийгилик каалап, шаңдуу маанай жаратып турушкан күйөрмандардын айрымдары "Азаттык" менен пикир бөлүштү.

Адилет: Чынында бул оюнда биз жеңишти күткөнбүз.Тең чыгышканы бир аз маанайды түшүрүп койду. Бирок ошондой болсо да футболчуларыбызга ийгилик каалайбыз.

Атай: Кыргыз футболу жаңы деңгээлге көтөрүлүп келе жатат. Оюнчуларды биз дайыма колдоп турушубуз керек. Кийинки оюндарда буюрса жеңишке жетишет деп ишенем.

Ушул эле күнү Иорданиянын Амман шаарында кыргыз футболчуларынын атаандаштары Иордания менен Австралия курама командалары беттешип, бул оюн 2:0 эсебинде талаа кожоюндарынын пайдасына аяктады.

Ошентип 8-октябрда болгон 5-турдагы оюндардан кийин В тайпасында турнирдик таблицада лидерлер алмашты. Учурда 10 упай менен Иордания курамасы алдыга чыкты. 3 жеңиш, 1 утулуу менен австралиялыктар 2-катарга түшүп калышты. 5 упай менен Кыргызстан 3-катардан орун алууда. Тажикстан менен болгон беттешке чейин Кыргызстан курамасы конокто ойноп Бангладеш футболчуларын 3:1 эсебинде утуп, өз жеринде австралиялыктарга 2:1 эсебинде жеңилген. Бир ай мурда Иордания курамасы менен Амман шаарында беттешкен кезде 0:0 эсебинде тең ойношкон болчу.

2 жеңилүү жана 2 тең чыгуу менен 2 упай эсебине жазган Тажикстан курамасы 4-катарда. 3 жолу утулуп 1 жолу тең чыгууну камсыздаган Бангладеш оюнчулары 1 упай менен тайпада акыркы орунда.

13-октябрда кыргыз футболчулары өз жеринде Бангладештин оюнчуларын кабыл алат. Бул күнү Иордания өз жеринде Тажикстан менен ойнойт.

12-ноябрда Кыргызстандын футболчулары Австралияда конокто ойношсо, 17-ноябрда Бишкекте иорданиялыктар менен беттешет. 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдештеринин 2-раундундагы акыркы оюнду кыргыз футболчулары келерки жылдын 29-мартында Тажикстанда конокто өткөрүшөт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG