F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Жети оюнда 10 упай эсебинде бар Тажикстан 3-тепкичке жайгашты.
Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.
"Ак шумкарлардын" чоң жеңиши
F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Тажикстан 3-тепкичке жайгашты. Бул мамлекет да жети оюн өткөргөн. Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш бүгүн, 11-июнда Жапониянын Осака шаарына барды. Ал ковидге тест тапшырып, терс жыйынтыкка ээ болсо команда менен машыгууга жана 15-июнда Жапония менен боло турган оюнга катышат.