Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Франция паранжага “дээрлик” тыйуу салды


Француз өкмөтүнүн чечими катуу сынга алынууда
Француз өкмөтүнүн чечими катуу сынга алынууда

Франциянын өкмөтү өлкөдө аялдарга паранжа же никаб кийгенге расмий тыйуу салганга дагы бир жол ачты. Министрлер кабинети тийиштүү мыйзам долбоорун шаршембиде жактырды. Буга чейин Бельгияда ушундай эле чечим чыгарылган болчу.

Эксперттердин баамында, француз өкмөтүнүн чечими алдыда дагы мыйзамдык жактан бир топ кыйынчылыктарга туш болот.

Долбоор

Мыйзам долбоорунун башкы идеясы – эч ким коомдук жайларда, көчөдө жүзүн башкалардан жашыруу ниетинде бети-башын чүмкөгөн кийим кийип жүрө албайт.

Өкмөттүн расмий өкүлү Люк Шатель жыйындан кийин билдиргенине караганда, мыйзам долбоору аялдын жеке намысын коргоп, Франциянын республикалык принциптерин сактап калыш үчүн керек деди.

“Адам жүзүн башкалардан атайылап бекитип жүрүшү республика пактысынын башкы идея-баалуулуктарына каршы келет. Бул көрүнүш үй-бүлөдө аялдын намысына шек келтирчү нерсе”, - деди өкмөттүн өкүлү Шатель.

Кимде ким мыйзамды бузса, 150 евро айып пул төлөйт, делет өкмөт жактырган долбоордо. Ал эми аял кишини кимдир бирөө ушундай кийингенге мажбурласа, бир жылга чейин түрмөгө отургузулушу мүмкүн, же 15 миң евро айып пулга жыгылат.

Сыноо

Президент Николя Саркози паранжа же никаб кийгенге тыйуу салуу зарылдыгы тууралуу бир жылдан бери айтып келатат. Эми анын консервативдүү өкмөтү кабыл алган мыйзамдын долбоору парламентке быйыл июлда талкууга коюлушу мүмкүн дешти.

Эгерде мыйзам жактырылып калса, анда ал алты айдан кийин күчүнө кирет. Анткени жарым жылдын ичинде өлкөдө анын жоболорун элге түшүндүрүш керек.

Мыйзам долбоору чоң талаш-тартыштарды жаратууда. Андыктан күчүнө кирсе, көптөгөн юридикалык кыйынчылыктарга туш болот дешет.

Теги алжирлик француз жараны Нажетт көздөрүн гана ачык калтырып, денесин бүт жапкан никаб кийе баштаганына 10 жылдан ашкан. Ал өкмөттүн соңку чечимин анын жеке эркиндигине каршы аракет катары баалаганын айтты.

“Францияда “эркиндик, тең укуктуулук, боордоштук” дешкени жалган. Мен өзүмдү диктатурада жашагандай сезем”, - дейт Нажетт.

Франциянын жогорку административдик органы – Мамлекеттик кеңеш – бул өңдүү мыйзам адамдардын конституциялык укугуна каршы деп, эки ирет аны сындаганы белгилүү. Аны эске албаган өкмөттүн аракетине эми башка бир орган - Конституциялык кеңеш – санкция киргизип коюшу мүмкүн.

Бирок бийликтеги партиянын айрым өкүлдөрү, эгер андай болсо, бул боюнча референдум өткөрүш зарыл деп жатышат.

Европанын эрки

Францияда 5 млн.дой мусулман бар. Европанын башка бир да мамлекетинде мусулмандардын саны мынчалык көп эмес. Мамлекеттин ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 1900 мусулман аялы никаб, же паранжа кийет.

Мусулман аялдарынын бети-башын толук жапчу кийимине быйыл 29-апрелде Бельгия да тыйуу салган. Ушуга окшогон чара зарылдыгы Голландияда, Австрияда жана Данияда да айтылууда. Майдын башында Европарламенттин депутаты Сильвия Кох-Мехрин бүтүндөй Европада паранжа өңдүү кийимдерди кийгиздирбешибиз керек деген эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG