Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

Францияда эки жыл мурда болгон теракттардын курмандыктарын эскеришти. 2015-жылдын 13-ноябрында куралчан топтор кол салган жерлерге президент Эммануэл Макрон баш болгон жетекчилер барышты.

Канга боёлгон ал күн Франция элинин, 130 маркумдун жакындарынын, жарадар болгон 683 кишинин жашоосун түбөлүккө өзгөрткөндөй. Өлкөнүн азыркы тарыхы 13-ноябрга чейин жана ошол трагедиядан кийин деп экиге бөлүнүп калгандай.

Дүйшөмбүдө исламчыл экстремисттердин колунан ажал тапкан 130 кишини Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана ошол кездеги мамлекет башчы Франсуа Олланд, Париж шаарынын мэри Анн Идалго, башка расмий адамдар гүл чамбарларды коюп эскеришти.

Бир нече куралчан топ адегенде Париждин чеке жагындагы Сен-Дени конушунда орун алган Stade de France стадионунда бомба жардырган. Дээрлик ага удаа "Батаклан" музыкалык клубунда, бир нече кафеде бейкапар отурган кишилерди туш келди аткылап өлтүрүшкөн.

“Эки жыл эскерүүлөр менен коштолду. 13-ноябрь жума күн болчу, күн жылуу эле. Бир жылдан кийин айтылган убада сөздөр да эсимде. Жараларыбыз бүтөлүп, аман калгандарга, балдарга тынчтык деген бакытты тартуулайбыз дегенбиз”, - деди эскерүү иш-чарасында теракттардан жабыркагандардын ассоциациясын жетектеген Артур Денуво.

Ошол кайгылуу күнү эң көп кишинин каны "Батаклан" клубунда төгүлгөн. Колдоруна автомат көтөрүп, моюндарына жардыргыч заттарды оронуп алган экстремисттер америкалык Eagles of Death Metal деген рок топ концерт коюп жаткан кезде кирип барып, туш келди ок жаадырышкан жана ичиндеги адамдарды барымтага алышкан.

Дээрлик эки жарым сааттан кийин коопсуздук күчтөрү бир жоочуну атып өлтүрүшкөндө калган экөө дүрмөттөлгөн жабдууларын жардырып жиберишкен. Клубда бардыгы болуп 90 киши каза таап, 200дөн көбү жарадар болгон.

“Менин жүрөгүм бул жерде. Француз эли биздин жашоого кайтуубузга жардам берди. Рахмат”, - деди эки жылдан кийин трагедия болгон жерге кайтып келген топтун солисти Жеф Хьюз.

Ошол теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал уюму өзүнө алып, Франциянын Сирия жана Иракта жихадчыларга каршы күрөшкө катышкандыгы үчүн өч алуу деп атаган.

“Бирок экстремисттер баары бир утулуп калды”, - дешет француздар. Себеби музыканттар "Батакландагы" концерттерин улантышууда, кафелердин терассаларында кайрадан жаштар отурат, футбол стадионуна болсо мурункудай эле ышкыбоздор агылып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG