Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Францияда мамлекеттик кызматкерлер жапырт иш ташташты


Парижде жүрүшкө чыккан демонстрант. 5-декабрь, 2019-жыл.
Парижде жүрүшкө чыккан демонстрант. 5-декабрь, 2019-жыл.

Францияда пенсия реформасына каршы мамлекеттик жумушчулар жапырт иш таштап, массалык жүрүштөр башталды. Транспорт, билим берүү тармактарынын жана өкмөттүк ооруканалардын кызматкерлери президент Эммануэл Макрондун бирдиктүү пенсия системасына өтүү боюнча демилгесине каршы чыгышты. Алардын бири Силви Леон буларды айтты:

- Чын, иш таштоолор кыжырга тиет, жүргүнчүлөр нааразы. Бирок мындай иш-аракет мыйзам чегинде жүрүп жаткан болуш керек. Балким алардын да талаптары бар, аны угуп, талкуулаш керек.

Париждин өзүндө коомдук транспорттун басымдуу бөлүгү токтоп, метронун бир топ каттамдары жүрбөй калган. Буга кошумча «Air France» компаниясы ички аба каттамдардын 30% токтотулганын билдирди.

Жумушчулардын кесиптик кошуундары бейшембиде пенсия реформасына каршы чоң жүрүшкө чыгышарын мурунтан эскертишкен. Жолчулардын иш таштоосуна мугалимдер, дарыгерлер да кошулган. Билим берүү министрлиги жалпы мектеп мугалимдеринин 55% ишке чыкпаганын билдирди.

Париждеги жүрүштөргө байланыштуу Эйфел мунарасы, Лувр музейи сыяктуу маданий жайлар бул күнү туристтерди кабыл албай турганын эскертишкен. Шаардагы мейманканалар миңдеген чет өлкөлүк коноктор алдын-ала буюртмаларынан баш тартып жатканын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG