Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Бензин кымбат, мунай арзан


Баткен менен Ош облустары чектешкен жердеги май куюучу жай, 16.08.2013
Баткен менен Ош облустары чектешкен жердеги май куюучу жай, 16.08.2013

Чийки мунайдын баасы дүйнөлүк биржаларда акыркы эки аптадан бери арзандап жатат. Бул апта ичи эле бир баррелдин баасы 4 доллардан ашык түшкөн. Анткен менен Кыргызстанда бензиндин баасы арзандаган жок.

Улуттук статистика комитети кыргыз экономикасы акыркы тогуз айда 6.9% өсүштү көрсөткөнүн кабарлады. Андай болгону менен, айрым адистер бул толугу менен чындыкка жатпайт деп белгилешти. Андан тышкары тогуз ай ичинде салык 4 миллиард сомго аз жыйналганы маалым болду.

Ири инвестициялык банктардын серепчилеринин алтын баалары жөнүндөгү божомолдору тастыкталды. Алар Кыргызстандын казынасына эң көп киреше алып келген алтындын баасы дагы арзандайт деп жайында жазган. Алардын бири "Голдман Сакс" сары алтындын баасы 1050 долларга чейин түшүшү ыктымал деп кабарлаган. Андан бери алтындын 100 унциясы 1765 доллардан азыркы 1328 долларга түшкөн. Акыркы апта ичи алтындын баасы 40 долларга көтөрүлгөнү арзандоону бир азга токтотту. Бирок алтындын баасы жыл аягына чейин дагы төмөндөсө, мамлекеттик казынанын киреше бөлүгүнө терс таасир тийгизет.

Кыргызстандагы талаш жараткан Кумтөр кенин иштеткен "Центерра Голд" компаниясынын акциялары алтындын акыркы апта ичи кымбатташы менен бирге өстү. Торонтодо жүгүртүлгөн баалуу үлүш кагаздар соңку аптада 21 центке көтөрүлүп, 5 канада доллары 12 центти түздү. Сомго айлантканда бир акция 36.27 сом кымбаттап, 214 сом 62 тыйынга барабар болду.

Ал ортодо серепчи Фред МакМахен "Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү орнобогону – инвесторлорду кабатырланткан негизги маселе" деген оюн ортого салды. Ага кошумча, кыргыз серепчилери экономиканы жөнгө салган мыйзамдар жакшы жакка өзгөргөнү менен, бийлик тарабынан экономикага мамиле өзгөргөн жок деп сыпатташууда.

Алтындын наркы акыркы жума ичи көтөрүлүп жаткан маалда, чийки мунайдын баасы 4 доллар 60 центке түшүп, Нью-Йорктогу биржада бир баррель 99.05 долларды түздү. Андай болгону менен, Кыргызстанда бензин, авиакеросин жана башка күйүүчү майлардын баалары арзандаган жок. Баткен облусунда башка аймактарга салыштырмалуу бензин эң кымбат. Мисалы, АИ–95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри Баткенде 46 сом 70 тыйын, ал эми Бишкекте 43 сом 60 тыйын.

"Акчабар" – Кыргызстандагы эң биринчи финансы порталы
"Акчабар" – Кыргызстандагы эң биринчи финансы порталы
Жакында Кыргызстанда "Акчабар" деген аталыштагы алгачкы каржы порталы ишке кирди. Порталдын максаты чет жактагы жердештерибизге жана алардын алыскы аймактардагы үй-бүлөлөрүнө акча которууда жардам берүү жана керектүү каржы продуктту же банкты тандоого көмөк көрсөтүү.

Эми биринчи кыргыз каржы порталынын жардамы менен булардын баарын бир тыйын коротпой жана үйдөн чыкпай эле ишке ашырса болот. Биринчи кыргыз каржы порталынын өзгөчөлүктөрүнүн бири тууралуу анын негиздөөчүсү, кыргызстандык Михаил Агеев "Азаттыкка" буларды айтты:

– "Акчабар", мисалы, Кыргызстанга Орусиядан акча салгандарга алар үчүн эң пайдалуу акча которуу системасын тандаганга жардам берет. Ал эми башка жактан акча алгандар үчүн Кыргызстандагы тейлөө жайларынын так дареги жана телефондору камтылган карта бар.

Кыргызстандын баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү акыркы жумада 22 миллион 31 миң сомго азайды. Бишкектеги Кыргыз фондулук биржасынын сайтына ылайык, соңку аптада сооданын көлөмү кескин түшүп, жалпысынан болгону 6 миллион 44 миң сомду түзгөн. Орусия инвестиция банкынын 4 миллион 90 миң сомдон ашык акциялары сатылды. Ал эми облигациялар ичинен Кыргыз инвестиция-кредит банкынын 1 миллион 758 миң сомго барабар баалуу кагаздары соодаланган.

Валюталар курсу, 22.10.2013.
Валюталар курсу, 22.10.2013.
“Оанда” корпорациясы маалымдагандай, акыркы апта ичи кыргыз сомуна карата эң чоң өсүш евро – сом катнашында байкалды. Евробиримдиктин акча бирдиги 13 тыйынга өсүп, бир евро 66 сом 45 тыйынды түздү. Ал эми эң арзандоо доллар – сом катнашында. АКШнын валютасы 28 тыйынга түшүп, бир доллар 48 сом 59 тыйындан сатылууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG