Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Күйүүчү май кымбаттайт


Оштогу май куюучу жай.
Оштогу май куюучу жай.

Доллардын куну өскөнүнө байланыштуу Кыргызстанда бензиндин литри 50 тыйынга чейин кымбаттайт. Ал эми британ фунтунун куну 100 сомго жетти. Бишкек фондулук биржасында сооданын көлөмү акыркы аптада алты эсе өстү.

Кыргызстандын Мунай ташуучулар ассоциациясы сомдун кунунун түшкөнүнө кабатыр. Нефтетрейдерлердин айтымында, мунай продукциясы доллар менен алынып, өлкөдө сом менен сатылат. Акча курсунун айырмасы олуттуу жоготууларга алып келүүдө. Мындан улам мунай ташуучулар күйүүчү майды доллардын учурдагы наркына жараша сатууга мажбур экенин билдиришти.

Ассоциация күйүүчү май баасынын өсүшүнө Орусияда жазгы талаа иштерине даярдык жүрүп жатканы менен да түшүндүрдү. "Кыргызстанга алынып келинген мунай продукциясынын баасы акырындап көтөрүлөт" деп маалымдашты нефтетрейдерлер. Орто эсеп менен бензиндин бир литри 50 тыйынга чейин кымбаттайт.

Жазгы талаа иштеринин алдында күйүүчү май кымбаттаганы менен Мунай ташуучулар ассоциациясы кышында бензин 1 сом 30 тыйынга арзандаганын эскертти. Ал эми "Газпромнефть – Азия" ишканасы дыйкандарга бир литр күйүүчү майды 40 тыйынга арзан сатарын кабарлады. Кыргызстанда мунай продукциясы кымбаттап жаткан учурда чийки мунайдын дүйнөлүк баасы акыркы апта ичи үч долларга арзандап, баррели 100 доллардан сатылууда.

Фунттун куну 100 сомго чыкты

Кыргызстанга салган инвестициялардын көлөмү боюнча үчүнчү орунда турган Британиянын улуттук акчасы – фунттун сомго карата наркы бир ай ичинде 22 сомго көтөрүлдү. Форекс базарларындагы көрсөткүчтөргө ылайык, февралдын башында британ валютасынын куну 78 сомду түзгөн. Март айынын башында фунт кескин кымбаттап, 100 сомго чыккан. Бишкектик адистер фунттун кымбаттоосун доллардын өсүшүнө байланыштуу деген ойдо. Ал эми "Азаттыктын" Европа кайра куруу жана өнүгүү банкындагы ишенимдүү булагы ал пикирге толугу менен кошулбайт.

Британ фунту.
Британ фунту.
​Анын айтымында, эки жыл мурда фунттун курсу доллар аркылуу туюнтулуп келсе, азыр андай эмес. Демек, британ экономикасы өсүп, Падышачылыктын жалпы карызы азайган сайын фунттун куну күчөй берет. Британ валютасынын кымбаттаганы Кыргызстанга келген британ инвестициясынын көлөмүнө эч терс таасирин тийгизбейт деп ишендирди лондондук адис. Британия Кыргызстандагы геологиялык чалгындоого инвестиция салып келет. Учурда бир фунт – 96 сом.

Инвестиция демекчи, былтыр Кыргызстанга салынган түз инвестициянын көлөмү 1,7 эсе өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Негизги инвесторлор: Кытай, Канада, Британия жана Орусия. Кыргызстанга келген товарлардын суммасы боюнча Орусия жана Казакстан алдыңкы сапта. Былтыр Орусиядан 1,97 миллиард долларга, же 18 миллион долларга көп товар келген. Казакстандын экспорту 21 миллион долларга өсүп, 551,5 миллион долларды түздү. Ал эми Кыргызстандын январдагы экспорту 125 миллион долларга барабар болду. Экспорттун 56 пайызы же 71 миллион доллары түстүү металлдарга таандык.

"Малайзия аба жолдорунун" акциясы арзандады

Малайзия аба жолдорунун жана өлкөдөгү авиабекеттерди иштеткен Малайзия аэропорт холдингинин баалуу кагаздары дүйшөмбүдөн бери кунун жоготууда. Malaysian Airlines авиакомпаниясынын акциялары 4 пайызга түштү. Ал эми Malaysia Airports Holding ишканасынын үлүш кагаздары 3,7 пайыз арзандады. Адистер буга Малайзия аба жолдоруна таандык, 239 жүргүнчүнү Куала-Лумпурдан Бээжинге ташып бараткан Боинг–777-200 учагына байланыштырууда. Учак 8-мартта дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк самолёттогу эки жүргүнчү уурдалган паспорт менен учканы маалым болгон.

Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак. Алтын акыркы аптада беш долларга кымбаттап, учурда унциясы 1343 доллардан сатылып жатат. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну 38 центке өстү. Азыркы тапта "Центерранын" бир баалуу кагазынын наркы – 5 канада доллары, 61 центти түздү. Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда сооданын көлөмү акыркы аптада алты эсе өсүп, 37 миллион 890 миң сомго жетти. Сатылган үлүш кагаздарынын соода көлөмү боюнча №4 куруу башкармалыгы 12 миллион сомго саткан акциялары менен озуп чыкты.

Бензин кымбаттайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG