Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Футбол: Кыргызстан дүйнө чемпионатына чыга алабы?

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытай Тайбэйин 5:1 эсебинде утту. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо 26-мартта өттү. Оюндагы голдорду Кыргызстан тараптан Жоел Кожо (үч гол), Християн Браузман, Кими Мерк жана Кытай Тайбэйи тараптан У Ен-Шу киргизди.

2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Ар бир команда атаандашы менен өз талаасында жана конокто беттешет.

Кыргызстан буга чейин 2023-жылдын 16-ноябрында Куала-Лумпурда Малайзияга 3:4 эсебинде жеңилсе, 21-ноябрда Бишкекте Оман командасын 1:0 эсебинде жеңген. Төрт оюндан кийин Кыргызстан 9 упай менен D тайпасында алдыда келе жатат. 2-орунда Оман (9 упай), 3-орунда Малайзия (6 упай) жайгашса, бир дагы жеңишке жете элек Кытай Тайбэйи 4-орунда келе жатат.


Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG