Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:37

«Чоң жыйырманын» онлайн-саммити башталат


АКШ лидери Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин 2019-жылы Осакада өткөн «Чоң жыйырманын» жолугушуусунда.
АКШ лидери Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин 2019-жылы Осакада өткөн «Чоң жыйырманын» жолугушуусунда.

26-мартта Сауд Арабиясынын төрагалыгы алдында «Чоң жыйырманын» онлайн-саммити башталат. Ага АКШнын лидери Дональд Трамп жана Орусиянын президенти Владимир Путин да катышары күтүлүп жатат. Бул ирет G20га кирген мамлекеттер дүйнөнү коронавирус пандемиясы каптап, экономика кескин начарлап кеткен шартта кезексиз жыйынга чогулганы турушат.​

«Дүйнө COVID-19 пандемиясына туш болуп, саламаттык сактоо тармагы, глобалдык экономика кризиске кептелип турган чакта биз күчүбүздү бириктириш үчүн «Чоң жыйырманын» чукул жыйынын уюштуруудабыз», - деп билдирди Сауд Арабиясынын падышасы Салман Ибн Абдул-Азиз.

Каржылык рейтингдерге көз салган «Moody’s» агенттигинин баамында, бул жылы G20га кирген мамлекеттердин ички дүң өндүрүмү 0,5 пайызга азайат.

XS
SM
MD
LG