Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Бхопал: кырсыктын кесепети 25 жылдан кийин да сезилүүдө


Бхопалдагы кырсыкка байланыштуу адилеттүүлүктү талап кылган жыйындар Индиянын бир катар шаарларында өттү. Бангалор, 2-декабрь, 2009-жыл
Бхопалдагы кырсыкка байланыштуу адилеттүүлүктү талап кылган жыйындар Индиянын бир катар шаарларында өттү. Бангалор, 2-декабрь, 2009-жыл

Индиянын Бхопал шаарындагы экологиялык кырсыктуу окуядан бери 25 жыл өттү. 1984-жылдын 3-декабрында химиялык заводдон өтө уулуу газ абага таркап, миңдеген адам каза тапкан. Дагы миңдегени майып болуп калды.

Дүйнөнүн өнөр жай тарыхындагы эң ири кырсыктын кесепети азыркыга чейин сезилүүдө. Бейшембиде (3-декабрда) курман болгондордун жакындарына компенсациялардын төлөнүшүн, медициналык тейлөөнүн жакшыртылышын талап кылган миңдеген адам Бхопалда демонстрация өткөрүштү.

Айыл чарбада колдончу химиялык заттарды чыгарган америкалык Union Carbide компаниясына таандык ишканадан чыккан 40 тоннадай газдан окуя болгон түндүн эртеси эле кеминде 3 жарым миң киши көз жумган.

Индия бийлигинин маалыматына ылайык, кырсыктан кийинки бир нече апта ичинде газ менен дем алган же булганган сууну ичкен 15 миңдей киши каза тапкан. Айрым укук коргоочу уюмдар болсо өлгөндөрүн саны 25 миң кишиге жетет деп ырастап келатышат.

Дагы 100 миңдин тегерегиндеги адам уулануунун натыйжасында майып болуп же өнөкөт ооруларга чалдыкты.

Көптөрү кургак учук, дем алуу органдарынын илдеттери, бөйрөк оорулары, депрессия, атүгүл рактан жабыркап жүрүшөт. Бхопалда тубаса майып балдардын төрөлүшү көнүмүшкө айланды.

Эмнести Интернешнл укук коргоо уюму бир нече жыл мурун жарыялаган докладында адам баласынынын тарыхындагы эң ири экологиялык алааматтан аман калгандар алигиче керектүү жардам ала элек деп жазган.

Бхопалдагы адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн эларалык уюмдун ырастоосунда, компенсация алуу үчүн жапа чеккендер алардын илдеттери чындап эле ошол уулу заттардын натыйжасында пайда болгонун далилдөөгө тийиш. Ал эми ал жердеги калктын көбү жакыр, сабатсыз экенин эске алганда, эч кимиси адвокат, дарыгер же ортомчу жалдоого кудуреттүү эмес, - дейт уюмдун өкүлү Рашна Дхингра.

Көптөрү ден соолугуна байланыштуу жакшы иштей албай, улам бир ишинен айрылышат. Анын айынан каражатсыз, демек дары-дармексиз калышат.

- Доктурлар диагноз коюп, тигил же бул дарыны сатып ал дешет. Бизди эң керектүү нерселер менен камсыйздай албаган бул кандай өкмөт? Бхопалдагы газ кырсыгынан жабыркагандарга жардам берип атабыз деп оңго солго мактангандан башка эмне кылып беришти? - дейт жергиликтүү жашоочу Биби Жаан.

Насим Бано аттуу келин алаамат болгон кезде кичинекей кыз эле.

Ал түнү ал ата-энесинен айрылып, тоголок жетим болуп калган.

"Арадан 25 жыл өтсө да абал ошол эле бойдон калды. Дары-дармек алуу үчүн узун кезекке туруш керек, ден соолугубузду жакшылап текшерүү үчүн алгылыктуу шарт түзүлгөн эмес", - дейт өпкө оорусунан жана астмадан жабыркаган Бано.


Бхопалдагы адилеттүүлүк уюму берген маалыматка ылайык, кырсыктан кийин 100 миңдей киши айына 200 рупий же 4 доллар жөлөк пул алган. Бирок кийин ал да токтотулду. Кээ бирлерине ошол жарыбаган 4 доллар да берилген жок.

Кырсык үчүн ал кезде ишканага ээлик кылган АКШнын Union Carbide корпорациясы жооптуу деп табылган.

Бирок компания өз күнөөсүн танып келди. Индия өкмөтү адегенде андан 3,3 миллиард доллар талап кылган.

1989-жылы компенсацияны 470 миллион долларга чейин төмөндөтүп, фирманы сот жообуна тартпоо жөнүндө макулдашылган.

Каражаттын бир бөлүгүнө Бхопалда бейтапкана курулган. Калган акча курман болгондордун жакындарына берилмек. Бирок көпчүлүгү анын четин да көрө элек.

2001-жылы Union Carbide The Dow Chemical компаниясы тарабынан сатып алынган.

Анын жакында жарык көргөн билдирүүсүндө Бхопал өнөр жай тарыхындагы эң чоң алааматтардын бири болуп калганы айтылып, ошол эле маалда Dow ал окуяга эч кандай тиешеси жана жоопкерчилиги жоктугун белгилеген.

Бхопал тургундарынын көптөгөн даттанууларына карабай, жергиликтүү өкмөттүн министри Бабулал Гаур андай арызданууларды эч качан укпаганын айтат:

- Газдан уулангандар үчүн 6 чоң оорукана бар. Алардын бири Жогорку соттун чечими менен Union Carbide фирмасынын акчасына курулган. Чөлкөмдө 16-17 диспансер иштейт, үйүнөн келип дарыланган же бул жакта жаткан бейтаптарга бекер тамак берилет. Жапа чеккендерге атайын карточкалар таратылган. Дары-дармектин тартышытыгына же медициналык тейлөөгө даттанган адамдарды көрө элекмин.

Сөз болгон ишкана азыр бош турат.

Аны тазалоо иштери жүргүзүлгөнү менен көз карандысыз изилдөөчүлөр заводдун уулуу химиялык заттары жер алдындагы сууларды дагы эле булгап жатат деп эсептешет.

Айлана чөйрөнү коргоо уюмдарынын айрымдары ырастагандай, тосмо-коргондорго, кайтаруучуларга карабай, заводдун аймагына оңой эле кирсе болот. Анын айланасындагы жерлерде балдардын ойноп жатканын, малдын оттоп жүргөнүн көрсө болот.

XS
SM
MD
LG