Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Грузин чаначысын эртең жерге беришет


Нодар жаштыгына карабай, тажрыйбалуу чаначы болчу дешет
Нодар жаштыгына карабай, тажрыйбалуу чаначы болчу дешет

Эртең Грузиянын Бакуриани шаарчасында чана тебүү боюнча спорт чебери Нодар Кумариташвилини жерге беришет. Ал өткөн аптада Ванкувердеги 21-кышкы Олимпиаданын алдынан машыгуу учурунда кырсыкка учурап, набыт болгон. Бул окуя быйылкы мелдештердеги коопсуздук боюнча кооптонууну көбөйттү.

Грузияда карга бөлөнгөн тоолуу бул шаарча дүйнөлүк деңгээлдеги бир топ муундун кышкы атлеттерин чыгара алган. Ошондуктан бакурианиликтер Олимпиаданын ачылышынын алдында өздөрүнүн сыймыгы Нодар Кумариташвилин набыт болгонун анын тажрыйбасы аздыгы менен түшүндүрүшкөнүнө чындап зээни кейип турушат.

Өзгөчө Кумариташвилинин атасы Давид үчүн бул аябай жагымсыз жооп болду окшойт. Анткени ал өзү чана спорту боюнча Советтер Союзунун үч жолку чемпиону.

"Мен бул спорт менен өмүр бою машыгып келатам, - дейт Давид Кумариташвили. - Ошондуктан менин уулум кандай абалда өлгөнүн так билем. Алардын айтканы – болбогон кеп. Ал жерде чананын жолунда коопсуздукту күчөтүп, тосмолорду туура жайгаштырыш керек эле. Чананын жолу жакшы эмес экенин балам да сезген. Ал мага: “Ата, мен ушундан гана чочулап турам”, - деген эле".

Кумариташвили машыгуу учурундагы кырсыктан каза болду
21 жаштагы Нодар өткөн жума күнү Ванкувердеги Олимпиаданын ачылышына бир нече саат калганда машыгуу учурунда набыт болду. Ал саатына 143 чакырым ылдамдыкта баратып, чананы башкара албай калган да, учуп барып капталындагы темир тосмону сүзүп алган. Кийин ооруканада көз жумду...

Анын денесин спортсмен өзү жашаган Бакуриани шаарчасына алып кетишти. Шаршембиде аны акыркы сапарга узатышат. Нодардын өлүмү болгону 1500 калкы бар кичинекей бул шаарчанын эсин оодарды окшойт. Бакурианиден Кышкы Олимпиадаларга тарыхта үч спортчу чыккан.

Чаначынын жакын досу Давид Кокошвили буларга токтолду: "Бул - оор трагедия. Биз баарыбыз эсибиз ооп, бул кабарды такыр кабал ала албай турабыз. Эмне демек элем? Бул - аябай чоң трагедия. Анын атасы жакшы атлет болчу. Нодар да атасынын жолун жолдоду. Жетинчи класстагы окуучу кезинен ал чана спорту менен олуттуу машыга баштаган".

Кумариташвили Олимпиадада өзү жалгыз да, анан бакурианилик башка бир спортсмен Леван Гурешидзе менен да чыкмак. Бирок, Гурешидзенин энеси Инеза айтканына караганда, бул кырсыктан кийин Леван чанага жалгыз отуруудан баш тартты.

"Чана тебүүчү бул трасса дүйнөдөгү эң тез, демек, эң коркунучтуу жол экени башынан эле белгилүү болчу, - дейт Левандын энеси Инеза Гурешидзе. - Бирок эки бала тең Олимпиадага сөзсүз катышып, жеңишке жетүүнү аябай каалашкан. Тилекке каршы, ушундай болуп калды... Анан Нодар мерт болгондон кийин, Леван мага: “Эне, мен эч нерседен коркпойм, бирок бул оюнга катыша албайм. Анткени Нодар дагы эле жанымда тургандай сезилет. Мен чанага жалгыз отурсам, анын өлгөн денеси көзүмө көрүнөт”.

Кумариташвилинин өлүмү Олимпиададагы жалпы маанайды түшүргөндөй сезилди. Грузиянын командасы болсо оюндан такыр эле баш тартышы мүмкүн экенин айткан. Бирок кийинчерээк Олимпиадага катышаарын, Нодардын жаркын элеси үчүн күрөшөөрүн билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG