Германиянын канцлери Ангела Меркел 17-июлда 60 жашка чыкты. Гамбурда туулуп, Берлиндин чыгыш ныптасында атасы католик динаятчы болуп кызмат кылган чакан шаарда өскөн. Физика илимдеринин доктору даражасын алгандан кийин Берлиндеги илимдер академиясында эмгектенген. Меркелдин саясий ишмердиги 1989-жылы Берлин дубалы кулагандан кийин башталган. Ал Германиянын Христиан-демократиялык партиясын жетектеген биринчи аял жана Чыгыш Германиядан чыккан биринчи канцлер. Германиядагы соңку сурамжылоолор боюнча Меркел эң популярдуу саясатчы деп аталган.
Ангела Меркел 60та
1
Ангела Меркел-Каснер (биринчи катарда) математика боюнча олимпиадада. Нойбранденбург, Чыгыш Германия, 1971-жыл
2
Aнгела Меркел (оңдо) күйөөсү Йоахим Зауэр жана досу Малгожата Йезиорка менен Польшадагы жайкы мектепте, 1989-жыл
3
Германиянын үй бүлө жана жаштар министри Aнгела Меркел (солдо) эл аралык студенттердин жыйынына келгендер менен сүйлөшүүдө, Байройт, 1992-жылдын августу
4
Христиан-демократиялык партиянын лидери Aнгела Meркел партиянын курултайында, Эссен, 2000-жыл
5
Христиан-демократиялык партиянын лидери Aнгела Mеркел Берлиндеги парламентте канцлердин кызматына киришүүдө. 22-ноябрь, 2005-жыл. 51 жаштагы Меркел экс-коммунисттик блоктон чыккан Германиянын биринчи канцлери
6
Германиянын канцлери жана Христан-демократиялык партиянын лидери Aнгела Meркел партиянын баш кеңсесинде, Берлин, 2009-жылдын сентябры
7
Канцлер Меркел Ооганстандын Мазари-Шариф шаарында немис аскерлери менен жолугууда, 2013-жылдын май айы
8
Aнгела Меркел Мюнхенде эл алдында сүйлөгөндөн кийин пиво ичүүдө, 2013-жылдын май айы
9
АКШ президенти Барак Обама жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Берлинде маалымат жыйында, 2013-жылдын июну
10
Mеркел Берлиндеги Генрих Шлиман гимназиясында Берлин дубалынын кулаганы жөнүндө дарс окууда. 2013-жылдын августу
11
Meркел Христиан-демократиялык партиянын шайлоо өнөктүгүндө, 2013-жылдын сентябры
12
Орусиянын президенти Владимир Путин ФИФАнын президенти Зепп Блаттер жана Германиянын канцлери Aнгела Меркел менен 2014-жылкы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюнунда, Маракана стадиону, Рио-де-Жанейро, 2014-жылдын июлу
13
Канцлер Меркелдин 60 жашка толгонунун урматына Берлиндеги Бранденбург дарбазасынын алдында момдон жасалган айкел