Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Германияда неонацисттер соту башталды


Беате Чепе "Улуттук-социалисттик кескин оңчул уюмга" мүчө деп шектелип, 10 адамдын өлүмү үчүн айыпталууда.
Беате Чепе "Улуттук-социалисттик кескин оңчул уюмга" мүчө деп шектелип, 10 адамдын өлүмү үчүн айыпталууда.

Германияда неонацисттик топтун “башка улуттагы адамдарды өлтүргөн” деп айыпталып жаткан мүчөсүнүн соту бүгүн башталды. 38 жаштагы Беате Чепени бүгүн коопсуздук күчтөрдүн коштоосунда Мюнхендеги сотко алып келишти. Сыртта ал учурда расизмге каршы демонстрация өтүп жатты.

Сотко кирем дегендерди таң атпай кылдат текшерүүгө алышты, керек болсо аларды чачынан бери карап чыгышканы айтылууда.

Германияда кескин оңчул топтун өкүлдөрүнө каршы мынчалык чуулгандуу иш соңку ондогон жылдардан бери өтө элек болчу. Сот отурумунун алдынан Мюнхен полициясынын расмий өкүлү Вольфганг Венгер абал жөнүндө сүйлөп, "азыр бул жерде соттун имаратын, кызматкерлерин коргоп, залга кирем дегендерди текшерип, имараттын ичинде коопсуздукту сактаганга жана албетте, айыпталуучуну алып чыгып кетиш үчүн жалпысынан 500дөй полисмен иштеп жатабыз", - деди.

"Бул жерде алты башка жерде демонстрация өтөт. Айрым митингдерге эки адам катышса, башкаларына 500дөй киши келет дешкен. Демек, кыла турган ишибиз көп, бирок эч кандай деле проблема болбойт го деп турабыз", - деди Венгер.

Мюнхендеги соттун алдында неонацисттик бул топтун колунан өлгөндөрдүн жакындары митингге чыгышты, 6-май, 2013
Мюнхендеги соттун алдында неонацисттик бул топтун колунан өлгөндөрдүн жакындары митингге чыгышты, 6-май, 2013
Соттолуп жаткандардын ичинде эң башкы айыпталуучу – Беате Чепе. Ал сегиз түрктү, бир гректи жана бир немис полициячы аялды өлтүрүүгө катышкан деп айыпталууда. Бул кишилер 2000-2007-жылдар аралыгында өлкөнүн ар кайсыл бурчтарында киши колдуу болушкан.

Мындан сырткары Чепени эки жардырууну уюштурууга, 15 жолу банк тоноого катышкан, террористтик жашыруун “Улуттук-социалисттик” кескин оңчул уюмга мүчө деп да айыптап жатышат.

Сотто айыпталып жаткан дагы төрт киши ушул уюмга жардам берип жүргөнү үчүн күнөөлөнүүдө. 2011-жылы алардын экөө банкты тоноо учурунда жанынан кечип, өздөрүн атып салышкан эле. Өз тарыхындагы неонацисттик мезгилди эстен чыгарууга аракет кылып жаткан бүгүнкү Германияда расизм менен байланышкан бул окуя өзгөчө чыр чыгарганы да ушундан.

Сынчылар болсо иммигранттардын калың катмары бар жумуриятта көптөн бери баш көтөрө баштаган нацизмге немис өкмөтү учурунда көңүл бөлбөй келгенин айтышат. Полициянын айтымында, 2000-жылдан тарта катталган ошол адам өлтүрүүлөрдү кескин оңчул ушул топ менен байланыштыруу эң татаал иш болгон. Анткени адамдар өлкөнүн ар кайсыл бурчтарында өлтүрүлгөн жана бул топ менен байланыштырчу илинчектер табылган эмес.

Көп учурларда полиция түрктөрдүн өлүмү үчүн ал курмандыктардын өздөрүнүн туугандарын да шектеп, мигранттардын мафияга айланган топторун да күнөөлөп келди. Азыр эми немис парламенти кантип өлкөнүн коопсуздук күчтөрү, полициясы учурунда бул байланышты таба албаганын аныкташ үчүн өзүнүн иликтөөсүн да жүргүзүп жатат.

Азыркы соттун отурумдары өлтүрүлгөн адамдардын жакындары үчүн алгачкы жолу Чепе менен бетме-бет көрүшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Чепе болсо эмне себептен ал кишилерди өлтүргөнүн кеңири түшүндүрө элек.

Айрым кабарларда бул аял 2011-жылы Норвегиядагы жардырууда жана кийин кызыл кыргында 77 адамды өлтүргөн анти-иммиграциялык экстремист Андерс Брейвик менен да тааныш болгону айтылууда.

Брейвик былтыр Чепеге жазган катында ага “Кымбаттуу эжем” деп кайрылып, өзүнүн сотун кескин-оңчул идеологияны таратууга колдонууга үндөгөн экен.

Чепеге башталган сот иши бир жылга созулат го дешет. Аны эгер сот тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп тапса, Беате Чепе өмүр бою түрмөгө отургузулушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG