Мерден: Бишкектен 50 кг алтын алышым керек
Түркиянын жараны Межит Мерден 2009-жылы Кыргызстанга алгач инвестор катары келип, кийин көмүскө алтын сатууга аралашкан. Стамбулдагы кабарчыбыз Элвира Будайчиевага курган маегинде Кыргызстандан алтынды көмүскө жол менен алып турганын, кийин 1 жарым миллион долларын жиберип, бирок убада кылынган 50 килограмм алтынды ала албай калганын айтып берген. Түрк жараны ушул тапта да Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматкерлеринин коркутууларына кабылып жатканын, Кыргызстан менен Түркиянын расмий органдарына бир нече жолу кайрылса да эч майнап чыкпаганын айтып берди.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 14, 2026Хусилер Сауд Арабияга соккусун улантты, аймакта кырдаал чыңалды
-
Октябрь 14, 2026Украинадагы согушка тартылган мигранттар кантип кайтарылат?
-
Октябрь 14, 2026Масалиев: Президенттик шайлоого катышууну четке какпайм
-
Октябрь 13, 2026Азербайжанда хижаб талашы кайра күчөдү
-
Октябрь 12, 2026"Яндекстеги" кризис, жергиликтүү таксиге талап