Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды


Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын 60 килограммга чейинки салмактагы байге ээлерин сыйлоо аземи. Индия, Нью-Дели. 19-февраль, 2020-жыл.
Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын 60 килограммга чейинки салмактагы байге ээлерин сыйлоо аземи. Индия, Нью-Дели. 19-февраль, 2020-жыл.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан мелдеште Шаршенбеков бүгүн, 19-февралда грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта финалга чейин жетти. Алтын байге үчүн болгон беттеште ал жапониялык дүйнө чемпиону Кеничиро Фумита менен күч сынашып, 4:0 эсебинде утулуп калды.

Жоламан Шаршенбеков таймаштарын 1/8 финалдан баштап, алгачкы беттешинде казак балбаны Айдос Султангалини 7:6 эсебинде жеңди. Чейрек финалда монголиялык Даваабанди Мукхи Эрденени 10:0, жарым финалда ирандык Мехди Сейфоллахты 9:2 эсеби менен жеңип алган эле.

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалында. 19-февраль, 2020-ж. Индия.

Жоламан Шаршенбеков 21 жашта. Ал 2018-жылы Бишкекте өткөн күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында жана октябрь айында Венгриянын Будапешт шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байге алган. 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында дагы күмүш медаль тагынган (2019-жыл). Уландар (кадеттер) арасындагы дүйнө чемпионатында коло (54 кг, 2016-жыл), жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында (2017-жыл) күмүш медалдын ээси.

Жоламандан сырткары бул Азия чемпионатында 72 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Руслан Царев коло байгеге ээ болду. Ал 3-орун үчүн таймашта Кытай Тайбэйинин өкүлү Йан Кай Ченди 8:0 эсебинде таза жеңип алды.

Бул күнү дагы бир кыргыз балбаны Бексултан Махмудов (97 кг) Азия чемпионатынын коло байгеси үчүн таймашта жеңилди.

Спорттук күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты кечээ, 18-февралда башталган. Мелдештин биринчи күндө кыргыз балбандары бир күмүш, эки коло байгеге ээ болгон. Күмүш байгени Азат Салидинов (87 кг) алса, Ринат Ильязов (77 кг) менен Роман Ким (130 кг) коло медаль тагынды. (GT/ECh)

XS
SM
MD
LG