Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Грекияда коалиция түзүлгөн жок


Грекияда шайлоо 6-майда өткөн
Грекияда шайлоо 6-майда өткөн

Грекияда жекшембидеги парламенттик шайлоодо биринчи болуп келген Жаңы Демократиялык партия Улуттук куткаруу өкмөтүн түзө алган жок.

Жаңы Демократиялык партия 7-майда өкмөт курай албагандыгын бышыктады. Афиныда кабарчылар менен жолугушууда партиянын төрагасы Антонис Самарас Европа биримдиги менен Эл аралык Валюта корунун финансылык жардам планына каршы болгон партияларды коалицияга кирүүгө көндүрө албагандыгын мындайча билдирди:

Мен көп эле аракеттендим, бирок коалиция түзүү мүмкүн болгон жок. Ошондуктан мен жумурияттын президентине маалымат берип, мандатты кайтарып бердим.

Самарастын сунушун "Сириза" партиясы жана чакан Демократиялык Солчулдар тобу четке какты, ал эми улутчул "Көз карандысыз гректер" жана Коммунисттер партиялары аны менен жолугушуудан да баш тартышты.

Алексис Тсипрас
Алексис Тсипрас
Эми шайлоодо экинчи келген солчул "Сириза" партиясы өкмөт түзүүгө аракет кылат.

"Сиризанын" төрагасы Алексис Тсипраска президент Каролос Папулиас үч күндүн ичинде өкмөт түзүүгө тапшырма берет деп күтүлүүдө.

Партиясы эл аралык каржылык жардам планын «караөзгөйлүк» деп эсептеген Тсипрас солчул күчтөрдөн коалиция куроо ниетин билдирген.

310 миллиард доллардык эки жолку жардамды кабыл алган Грекия буга чейин пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү кыскартып, салыктарды көбөйткөн жана мамлекеттик кызмат орундарын жойгон.

Самарас жеңиштүү партиялардын башын бириктире албаган менен, анын партиясы Евробиримдик менен Валюта корунун куткаруу планына биринчилерден болуп каршы чыккандыгын белгиледи. Ал дал ушул эскертүү планга каршы маанайды күч алдырды деп эсептейт:

Биз милдетибизди аткарып, колдон келген аракетибизди жасадык. Биз мындай жардам эбегейсиз нааразылыкка алып келет, ошондуктан андан майнап болбойт деп эскерткен биринчи партия болгонбуз. Кеч болсо да айрымдар бул жардамдын шарттарын кайра сүйлөшүш керек экендигин түшүнүп жатышканы кубандырат.

Грекияда шайлоо 6-майда өттү
Грекияда шайлоо 6-майда өттү
Грекиядагы жана Франциядагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы Европа биримдигинин сарамжалдоо чараларына шайлоочулардын каршы экендигин айгинеледи. Шайлоодон кийин Германиянын канцлери Ангела Меркел Грекиядагы экономикалык реформалар «өзгөчө чоң мааниге ээ» экендигин эскертти.

Аталган шайлоолордон кийин евро үч айдан берки эң төмөнкү деңгээлге түшүп, европалык биржаларда акциялар нарксызданды.

Европа комиссиясынын маалымат катчысы Пиа Ахрен Кидле Хансен Брюсселде Грекиянын жаңы өкмөтү мурдагы кабинет өзүнө алган милдеттенмелерди аткарат деп ишенип жатышканын билдирди. Мындай милдеттенмелердин эң чукулу келерки эки жылда канткенде 15 миллиард доллар сарамжалдай тургандыгын июн айына карата такташ керек болот.

XS
SM
MD
LG