Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Бутыркада абал оор


Бутырка абагы сынга кабылды. 2008-жылдын апрелиндеги сүрөт
Бутырка абагы сынга кабылды. 2008-жылдын апрелиндеги сүрөт

Орус адвокаты Сергей Магницкий Москвадагы Бутырка деп аталган түрмөдө каза тапкандан кийин коомчулуктун көңүлү темир тордун ары жагындагы жагдайга бурулду.

Сергей Попков Таганск сотунда, 2008-жыл, 24-мартта
Анын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми ошол түрмөдө 2 жыл отурган Большевиктердин улуттук партиясынын мүчөсү Роман Попков «бутыркада» абал чын эле оор экенин «Азаттыктын» Орус кызматына берген интервьюсунда билдирди. Эске сала кетчү нерсе, Р.Попков өзүнүн ак жеринен камакта отурганын Европадагы сот аркылуу далилдөөгө жетишкен.

- Роман, Бутыркада отурган убагыңыз тууралу бизге эмне айта аласыз?

- Мен дагы Магницкий отурган экинчи корпуста отурдум. Ал жер мага жакшы тааныш, мен Магницкийдин жазган күндөлүгүн окуганда өткөн жыл аралыгында ал жерде эч нерсе өзгөрбөгөнүнө көзүм жетти. Ал корпус дагы деле болсо камалгандарды кыйноочу жай бойдон калыптыр.

- Эмне себептен дал ушул экинчи корпус тандалып алынат?

- Бутыркадагы көпчүлүк камераларда 20-25 керебеттен коюлган. Ал жерде анча-мынча шарттар түзүлгөн. Ал эми экинчи корпуста болсо шайтан алгырдыкындай оор абал канча жылдан бери сакталып келатат.Ал камералар 4 же 6 орундуктуу кичинекей камералар. Ал жерлерге ири кылмышкерлерден тышкары саясий ишмерлерди, улутчул большевикчилерди, андан тышкары, ишкерлерди камашат.

- Бутыркага адамдарды эмне себептен отугузушат?

- Бир гана максат менен – адамдын бул системанын алдында алсыз экенин далилдеп, аларды сындырып, ден соолугун бузуш максатында. 20-30 адам отурган камераларда бири-бирине жардам берип, абалдан чыкса болот. Эгер түрмө башчылары кысым көрсөтсө аларга каршы чакан көтөрүлүш жасап, медициналык жардам сыяктуу айрым нерселерге жетише аласыз.

Ал эми жарым жертөлөдөгү атайын корпустагы камераларда болсо эки же үчтөн гана адамдар таш мүшөктө отурушат. Ал жерде жүрөгү кармаган адамга доктур чакырып, эки-үч сааттап күткөн күндөр болду. Башкача айтканда, катардагы медициналык жардамды да алуу өтө кыйын.

- Демек, адам укуктары ал жерде сакталат деп айтыш кыйын экен да?

- Камераларда тинтүү иштери жүргөндө милиция кызматкерлери чогуусу менен кирип келип, баардык буюм-тайымдарыңды тышка
Дос-туугандары С.Магнитский менен коштошууда, 2009-жыл, 20-ноябрь
ыргытышат да, буттары менен тебелеп-тепсеп жүрө беришет. Адамдарды шылдыңдашат. Ойдон чыгарылган айыптарды коюп, карцерге тыгышат, биз мунун барын көрдүк. Менин бир досум Алексей Макаров күндүз уктап калыптыр деген айып менен 15 күнгө карцерде камалды. Анын уктап-уктабаганы деле белгисиз.

Москвадагы кайсы гана түрмөлөрдү алба - ал жерлерде камактагыларга басым көрсөтө турган ушундай корпустар бар.

- Магницкийдин өлүмүнөн кийин Жаза өтөө федералдык кызматынын жетекчилиги алмашты. Бул камактагылардын укуктарын сактоо жаатында кайсы бир жылыштарга алып келеби?

- Менимче, Жаза өтөө федералдык кызматы кезектеги бир түрмө башчысын жумуштан айдап, оңой жол менен кетти. Бирок мен ал корпуста бир нерсе болоруна ишенбейм. Ал жерге укук коргоочуларды алып барыш керек, ансыз алар алдын ала коноктор үчүн даярдалган коридорду көрсөтүп, кайра узатып коюшат. Укук коргоочулар алар үчүн жабык болуп келаткан 2-корпуска чоң делегация менен барышы керек.

- А эмне себептен сиз прокуратыраны сотко бербейсиз?

- Жаза өтөө жайларындагы абал боюнча прокуратурага кайрылуудан майнап чыгарына ишенбейм. Ички иштер министрлиги, коопсуздук кызматы, башкы прокуратура сыяктуу органдардан булар бири-бирине карата текшерүү баштайт, андан болсо акыйкаттык орноп кетет деп күтүп болбойт. Биз азыр адвокат менен Европа сотуна дагы бир арызды даярдап жатабыз, биринчи ишти болсо - мени себепсиз камаганы үчүн Европа соту аркылуу Орусия өкмөтүн 5000 евро айыпка жыкканбыз. Азыр болсо абакта мени адам чыдагыс шартта кармаганы үчүн сотко кайрылганы турабыз.

XS
SM
MD
LG