Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:05

Төлөкан Исмаилова: "Даңк" медалы - бул чоң жоопкерчилик


Президенттин колунан "Даңк" медалын алган укук коргоочу Төлөкан Исмаилова муну өлкө адам укуктарынан, демократиялык жараяндан тайбайт деген ишара катары баалайт.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова жана “Жарандар коррупцияга каршы” борборунун башчысы Төлөкан Исмаиловага Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө жана адам укуктарын коргоого кошкон салымдары үчүн "Даңк" медалы ыйгарылды. Төлөкан Исмаилова президенттин колунан сыйлык алганына карабай, керек болсо бийликтин мындан ары да сындай берээрин айтты.

- Сиз бул сыйлыкты ишиңизге жогорку баа берилип жатат деп кабыл аласызбы?

Президент Роза Отунбаева укук коргоочу Төлөкан Исмаиловага "Даңк" медалын тапшырууда, 29-декабрь.

- Биз үчүн бул абдан оор маселе болду. Анткени укук коргоочулар, активисттер, демократиялык лидерлер эч качан байлык топтойбуз, өкмөткө барабыз, же ушундай сыйлык алабыз деген максат койбойбуз. Кыргызстан эгемендик алгандан бери далай аракет жасадык. Эки президент өлкөнү үй-бүлөлүк башкаруу системасына алып баратат деп, демократиялк форматка буруу, укуктук мамлекетке айлантуу үчүн далай аракет көрдүк. Сыйлыктын эки укук коргоочуга берилишин биз өзүбүзчө бааладык. Роза Отунбаева негизи адам укуктарын жана демократияны түшүнгөн, мамлекеттик эмес уюмдар менен иштеген киши болчу. Биз бир четинен ыраазы болдук, экинчи жагынан адам укуктарын кыргыз системасы, кыргыз мамлекети биринчи жолу легитимизациялап, мыйзамдаштырып жатат. Ушул жолдон кайтпай иштеткенге аракет кылалы.

- Буга чейин бир да укук коргоочу мындай сыйлыкка ээ болгон эмес да Кыргызстанда?

- Кыргыз мамлекетинде бизди Батыштын агенттери, же болбосо ошол эле кредиттерди миллиондоп жоготуп аткан өкмөттө турган кишилер бизди "булар гранттарды жеген адамдар" деп мокочо кылып көргөзүшөт. Же болбосо ыйлап аткан элдин үнүн жеткизгенде түрмөгө тыгып салышчу. Ошол үчүн Акаев, Бакиевдин бийликтери учурунда укук коргоочуларга, алардын үй-бүлөлөрүнө кыйын болду. Керек болсо мен күйөөм Асылбек Исмаиловдон - баарынан артык көргөн кишимден укук коргоочулук ишмердигимдин айынан айрылдым. Укук коргоо жолу - бул оңой жол эмес. Эч качан өкүнбөш керек. Эл өзү баамдайт. Бул жөн гана "Даңк" медалы эмес. Эл биздин ишибизди түшүнөт. Бул – Роза Отунбаева, кыргыз эли, кыргыз журту адам укуктарынан тайбайт, демократиялык процесстен тайбайт деген ишара болду.

- Сиз буга чейинки бийликти да, азыркы бийликти да сындаган адамдардансыз. Кээ бир учурларда чоңдор кимдир бирөөнү өзүнө тартуу, оозун жаптыруу үчүн сыйлык берет эмеспи...

- Туура айтасыңар. Биз андай сыйлыкты албайт болчубуз. Биз 2010-жылы жасаган иштер бөтөнчө. Кесир болбосун, адам укуктары, демократия деп, биринчи жолу айтылгандан кийин бул сыйлык бүтүндөй кыргыз элине берилген сыйлык деп сыпаттадык. Ошон үчүн биз мындан ары да адам укугун жана демократияны ушул 1-январдан баштап тынбай коргоого, конституциялык, парламенттик республиканы түзгөнгө аракет жасайбыз. Өзүбүзгө койгон талаптарды көтөрөбүз. Себеби бул чоң жоопкерчилик. Сыйлыкты алып алып жөн отуруп калбайбыз.

- Сыйлыкты президенттин колунан алдыңыз. Эми президентти же премьерди сындоого туура келсе ага батынасызбы? Бийликти мурдагыдай эле сындай бересизби керек болгон учурда?

- Биз жөнөкөй укук коргоочуларбыз. Керек болсо Франция мамлекетинен былтыр эл аралык сыйлыкты алып келгенбиз. Биздин ишибиз эч качан жолунан тайбайт. Мунун артында баалуулуктар, жоопкерчилик жана терең ой жатат. Мындан да күчтүү иштейбиз. Биз сыйлыкты түшүнүп алдык. Роза Отунбаева өз ыктыяры менен баалап, кыргыздын уюткусу болгон адамдар менен чогуу эки укук коргоочуга бул сыйлыкты тапшырышы – чоң жоопкерчилик. Бизге керек болсо мурдагыдан да чоң талап коюлуп жатат. Бүгүн Казакстан элчилигинен куттуктап телефон чалышыптыр. Мен "рахмат, бирок куттуктабай эле койгула. 2011-жылы, балким, түрмөгө отургузуп салышат" деп тамашаладым. Бизде “душманым да жок, досум да жок” деген принцип бекем сакталат.

XS
SM
MD
LG