Чыркыраган чындык
Сот айыпталуучуга:
- Эскертээрим, Сиз чындыкты, кашкайган чындыкты гана айтышыңыз керек. Чындыктан башка эч нерсени кошпой айтышыңыз керек. Эми сот алдында эмне кебиңиз бар?
- Мындай чектөөдөн кийин айтаарга сөз деле калбай калат экен, урматтуу сот!
* * * * *
Динчи ким?
Динчи – бул түшүнөн өтө чочуп ойгонгон кудайсыз.
* * * * *
Жамандыкты азайтып жогот
Базарчы: - Акча деген – жамандык.
Демек, жакшы тавар сатып алуу аркылуу анын көзүн тазалоо керек.
* * * * *