Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

САНЖАР БЕРДИБЕКОВ: “Атамды көргөн өлбөсүн”


Бүгүн (14-майда) кечки саат 6да Кожомкул атындагы Спорт сарайында ырчы жана куудул, маркум Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибековдун “Атамды көргөн өлбөсүн” аттуу концерти болмокчу. Концертке “Аралаштын”, “Бешиликтин” куудулдары жана белгилүү ырчылар катышат.

Санжар Бердибековдун “Атамды көргөн өлбөсүн” аттуу концерти атасы маркум Манас Бердибековдун туулган күнүнө арналып өтүп жатат.

Санжар Бердибеков аталган концертин Ош, Жалалабат облустарына тартуулап келди.

Концертте ырчы жана куудул Санжар мырза жаңы ырларын аткарып, атасы Манас Бердибеков ойноп жүргөн оюндарды ойнойт:

-Концертте “Тулпарым”, “Оштук кыз” аттуу жаңы ырларымды жана атам ойногон интермедияларда атамдын ордунда ойнойм.

Санжар мырзанын “Атамды көргөн өлбөсүн” аттуу концертине маркум Манас Бердибековдун жолдоштору, кыргыздын белгилүү куудулдары Күмөндөр Абылов, Абдылда Иманкулов, Рахман Разыков, Жамбыл Камчиев, Жаныбек Алыкулов жана ырчылар Бек Борбиев, Роза Шакирова, Ынак Осмоналиевдер катышат. Абдылда Иманкулов Манас Бердибековдун мүнөзүн эскерди:

- Манас кандай талант эле – элибиз жакшы билет. Манастын мүнөзү жумшак жана ишенчээк эле. Манастын бирөөлөргө алданып калган учурлары көп болгон. Ачуусу да бат келип, бат жазылчу...

Ал эми белгилүү куудул Рахман Разыковдун пикиринде Манас Бердибеков тубаса талант эле:

- Манас ойногон ролдорду “мен” деген эл артисттерине ойнотконубузда – алар Манастай ойной албай коюшкан. Манас актерлукка окубай эле, туулгандан таланттуу болуп туулган тубаса талант.

Санжар Бердибеков аталган концерти менен алдыда чыгармачылык сапарга чыкмакчы:

- Аталган концертимди Казакстанда, Орусияда тартууласам деген максат коюп жатам.
XS
SM
MD
LG