Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:07

Азизбек Келдибеков: Кыргыз бийлиги тууралуу азилдерден (2-шиңгил)


Кыргыздын азил-тамаша айтуу өнөрүн аздектеген калемгерлердин бири, «Азаттыктын» окурманы Азизбек Келдибеков “Күлкү кербенине” жаңы азилдерин сунуштайт.

* * * * * * *


Коалиция түзүү алдындагы маек

Президент Роза Отунбаева «коалицияны түзүү ишин кимге тапшырсам» деп, партия жетекчилерин сыноого чакырат:
- Эки жерде эки канча? - дейт КСДПнын лидери Алмаз Атамбаевке.
- Үч, - дейт Атамбаев.
- Сарамжалдуу экенсиз. Экономиканы көтөргөн премьер-министр болосуз го, - дейт президент.
- Эки жерде эки канча? - деп «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевден сурап калат.
- Беш, - дейт Ташиев.
- Берешен экенсиз, депутат бойдон кала туруңуз, - дейт президент.
-Эки жерде эки канча? - дейт «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдон.
- Төрт, - дейт Кулов.
- Акылдуу экенсиз, акылдуулар оппозицияга барышчу эле, - дейт президент.
- Эки жерде эки канча? - деп «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевден сурап калат.
- Конституцияда канча болсо ошончо, - дейт Текебаев.
- Мыйзамчы экенсиз, мыйзамдын артынан түшүңүз, - дейт президент.
- Эки жерде эки канча? - деп, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдон сурап калат.
-Сиз канча десеңиз ошончо, - дейт Бабанов.
- Оо, мына сиз коалиция түзөсүз, - деп сүйүнүп кетиптир президент.


* * * * * * *


Интеллектуалдык коэффициент

(К.Бакиевдин тушунда бул азил саал башкараак айтылчу).

Өкмөт башчысы болгон соң Алмаз Атамбаев президент Роза Отунбаевага кайрылып:
- Роза Исаковна, командамды кантип түзөм? - деп кеңеш сурап калат.
- Акылына, интеллектуалдык көрсөткүчүнө карап алыңыз, - дейт президент.
- Акылын кантип текшерем? - дейт Атамбаев.
- Моминтип, - дейт президент өтүп бараткан Эмил Каптагаевди чакырып, -Эмил мырза, атаңыздын баласы, бирок, ал сизге ага да, ини да эмес. Ал ким? - деп сурап калат.
- Ал менмин! - дейт Каптагаев токтолбой.
Анан Атамбаев командасын түзгөнү жөнөйт. Караса эле Бабанов келатат.
- Өмүрбек мырза, бир суроо берейин жооп бериңизчи. Сиздин атаңыздын баласы, бирок ал сизге ага да, ини да эмес, - деп сурап калат Атамбаев.
- Ойлонууга уруксаат бересизби? - деп Бабанов кетип баратса, алдынан Текебаев чыгыптыр.
- Өмүрбек Чиркешович, сизден бир суроо сурайын, - деп Бабанов аны токтотот. - Атаңыздын баласы, бирок ал сизге ага да, ини да эмес. Ал ким? - дейт.
- Ал менмин! - дейт Текебаев.
Бабанов сүйүнгөн бойдон Атамбаевке келип:
- Таптым,таптым, ал Текебаев турбайбы! - дейт.
- Ай, Өмүкө ай, бир аз акыл тегеретсеңиз болбойбу. Ал деген Каптагаев эмеспи! – дептир Алмаз акең.


* * * * * * *


Мышыктын эбин табуу


Жогорку Кеңештин спикери Ахматбек Келдибековко чычкандар келишип, «мышыктан кантип кутулабыз?» дешип, кеңеш сурап калышат.
Келдибеков ары ойлонуп, бери ойлонуп акыры «Эврика» деп кыйкырып жиберет да:
- Кирпи болуп алгыла. Кирпиге мышыктар тийише албайт, - деп мыйзам жаза коюп, чычкандардын колуна кармата коёт. Ал мыйзамды алып чычкандар сүйүнүшкөн бойдон кетип баратышып, ойлонушуп, кайра келишип сурашат:
- А кантип кирпи болобуз? - дешип.
- Кызык, -дейт Келдибеков чычкандарды карап. - Ал менин көйгөйүм эмес. Мен силерге мыйзам жазып бердимби?
- Ооба, ооба, - дешет чычкандар.
- Аткарганын Атамбаев баш болгон өкмөт аткарсын, ошолорго кайрылгыла, - дептир спикер.



Азизбек Келдибеков
(«Азаттыктын» окурманы).
XS
SM
MD
LG