Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 06:18

COVID-19: Индияда үйдөн чыгууга тыюу салынды


Индиялыктар премьер-министр Нарендра Модинин телекайрылуусун көрүп жатышат. 2019-жылдын 27-мартында тартылган сүрөт.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди шаршемби күнү кечинде жалпы өлкөгө карантин киргизилгенин жарыялап, 25-марттан тартып жарандарга үйлөрүнөн чыгууга тыюу салды. Коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында кабыл алынган чаралар 21 күнгө созулары маалым болду.

«Эгер биз алдыдагы 21 күндө жеңе албасак, анда биз 21 жыл артка кайтып калышыбыз мүмкүн», - деп айтты Моди телеканалдагы кайрылуусунда.

1,3 миллиард эли бар Индияда COVID-19 вирусу 560тан ашуун кишиде аныкталган. 10 киши бул илдеттен көз жумган.

Жон Хопкинс атындагы университеттин маалыматына ылайык, 25-мартка карата дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 423 миң кишиден ашты, ал эми ажал тапкандардын саны 19 миң адамдан көп.

XS
SM
MD
LG