Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Ситардын кылы үзүлдү...


Индустардын музыкалык маданиятын дүйнөгө тааныткан Рави Шанкар 92 жашында экинчи мекени АКШда кайтыш болду.

Сексен жылга созулган чыгармачылык жолунда Батыштын 20-кылымдагы эң атактуу музыканттары менен ойноп, Чыгыш дүйнөсү али бүгүнкүдөй көтөрүлө электе өз элинин музыкалык маданиятын дүйнөгө тааныткан Шанкар дүйнө салды.

Программаны бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00
Түз линк
Комузга тектеш жөнөкөй аспабы менен ойногон күүлөрү Батыш менен Чыгышта миллиондордун көкүрөгүнөн түнөк тапкан Рави Шанкар Индияда жакыр үй-бүлөдө туулуп, атасыз өскөн.

Кичинекейинен агасынын салттуу индус бий ансамблинде бийлеп, 18 жашында гана 21 кылдуу ситарды атактуу устаттардан үйрөнө баштаган. Агасы менен бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Францияда, Кошмо Штаттарында бийлеген; бирок ситарчы катары алгачкы чоң концертин 1954-жылы Советтер Союзунда койгон.

Шанкар индустардын ыр-күүлөрүн жаз, рок, авангард жана классикалык музыкасы менен кылдат жуурулуштура билген. Ал "Битлз" тобунун жылдызы Жорж Харрисонго ситар ойногонду үйрөткөн. Шанкардын өткөн кылымдын эң атактуу скрипачы Ехуди Менихин менен "Батыш Чыгыш менен кездешкенде" деген албому кезегинде Индустанга болгон кызыгуунун отун жалынданткан.

Рави Шанкар чебер аткаруучу гана эмес, таланттуу композитор да болгон. Ал Лондон симфониялык оркестрине жана Нью-Йорк филармониясына ситар жана оркестр үчүн концерттик чыгармаларды жазат.

Анын Горбачевдун доорунда бир жылга созулган Индия фестивалынын соңунда Орусиянын Фолклордук ансамбли, Москва филармониясынын Камералык оркестри, Маданият министрлигинин өкмөттүк хору индиялык ансамбл менен аткарган 140 музыкант-ырчыга эсептелинген концерти 1989-жылы өзүнчө албом болуп чыккан.

Шанкар жана Жорж Харрисон
Шанкар жана Жорж Харрисон
Бул концертте ойногондордун бир катары Шанкардын үйрөнчүктөрү болгон, ал Лос-Анжелесте 1967-жылы ачкан музыкалык мектебинде көптөгөн адистерди даярдап чыгарган.

Шайыр Батыш элдерине индус музыкасынын түп негизин талбастан түшүндүрүп келген.

"Батыш угармандары өз музыкасындагы гармония, каунтерпоинт өңдөнгөн элементтер тууралуу ойлонбостон, жайбаракат отуруп укса, жакшы түшүнөт", - деген Шанкардын сөздөрү көпчүлүк үчүн алыскы чыгыштын маданиятын да түшүнүүгө көмөктөш болгону шексиз.

Шанкар кызы Анушка менен
Шанкар кызы Анушка менен
Шанкардын улуу кызы Нора Жоунс тууралуу көпчүлүк ал 2003-жылы сегиз "Грэмми" сыйлыгын алгандан кийин билген. Ал эми Шанкар өзү өткөн айда эле кичүү кызы Анушка менен Калифорнияда Лонг-Бичте концерт койгондо, угармандар анын 92ге чыкса да аспапчы катары эч сынынан жазбаганына баа беришкен.

Анушка экөөнүн эки бөлөк чыгарган албомдору келерки жылдын "Грэмми" сыйлыгынын "Эң мыкты дүйнөлүк музыка" номинациясына өз алдынча көрсөтүлгөн.

Видеону бул жерден көрүңүз.

XS
SM
MD
LG