Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Дональд Трамп Индияга барды


АКШнын президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелани Трамп. Ахмедабад шаары, Индия. 24-февраль, 2020-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелани Трамп. Ахмедабад шаары, Индия. 24-февраль, 2020-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп Индиянын чыгышындагы Ахмедабад шаарына 24-февралда барды. Бул анын мамлекет башчы катары экономикалык кубаты жагынан дүйнөдө бешинчи орунда турган Индиядагы алгачкы сапары.

Дүйнөдөгү чоңдугу жагынан экинчи чоң стадионго чогулган 100 миңдей адамдын алдында сүйлөп жатып Трамп Вашингтон менен Нью-Делинин ортосундагы соода байланыштарды бекемдөөгө убада берди. Ал ошондой эле Кошмо Штаттар Индияны «мыкты жана эң коопттуу аскердик техника» менен камсыз кылууга даярданып жатканын, анын ичинде дрондордон баштап ракета системаларына чейин бар экенин билдирди.

АКШнын президенти эки мамлекеттин ортосунда космос боюнча кызматташтыктын кеңейишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалады. Трамп жыйынга катышкан Индиянын премьер-министри Нарендра Модини да мактап өттү.

Трамп биринчи айым Мелания менен атактуу Тадж-Махал мавзолейин көрүү үчүн Индиянын түндүгүндө жайгашкан Агра шаарына барганы жатат. Ал 25-февралда Нью-Делиде эки мамлекеттин делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнө катышат.

XS
SM
MD
LG