Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Индонезия: Цунами менен вулкандан 375 адам өлдү


Ментавай аралдарындагы Бару Бару айылында куткаруучулар өлүктөрдү урандылар астынан чыгарышууда, 27-октябрь, 2010
Ментавай аралдарындагы Бару Бару айылында куткаруучулар өлүктөрдү урандылар астынан чыгарышууда, 27-октябрь, 2010

Индонезиядагы цунамиден көз жумгандардын саны өсүүдө. Кырсыктан кеминде 343 адам мерт болду, дагы 400 кишиден дайын жок.

Күчү 7,7 баллга жеткен зилзаладан кийинки цунами бул өлкөнүн эң алыскы аралдарында 13 айылды дээрлик толугу менен жууп кеткен.

Индонезиянын президенти Сусило Бамбаң Юдхойоно бүгүн ошол кырсык болгон Пагай аралдарын кыдырып, элге жардам көрсөтүү иштери кандай жүрүп жатканын көзөмөлдөп жүрөт.

Ментавай аралдарында жүздөгөн адамдарды куткаруучулар урандылар астынан издеп жатышканы айтылууда.

Цунамиге улай атылган вулкандын да курмандыктарын кошкондо, баары болуп 375 адам өлдү
Президент цунами болгон учурда Вьетнамда Азия мамлекеттеринин лидерлеринин саммитинде жүргөн. Батыш Суматрага келгенден кийин ал журналисттердин суроолоруна жооп берип, өкмөт жабыр тарткан элге жардам бериш үчүн колдон келген аракетти жумшап жатканын айтты.

“Биринчиден, мен жакындарын жоготкондор менен жолугушам. Анан алгачкы жардам көрсөтүү операциялары кандай иштеп жатканын текшерем, - деди президент. - Өзүңүздөр билгендей, бүгүн таң эртелеп, биз бир топ аймактарга абадан да зарыл буюмдарды жеркирдик”.

Жер титирөөнүн очогу Ментава аралдарында дүйшөмбүнүн кечинде болгон. Анын артынан эле океандан бийиктиги үч метрге жеткен толкун аралды көздөй жылып келаткан болушу мүмкүн экени тууралуу эскертүү берилген. Бирок ал кабар кийин алынып салынды. Бийликтер цунами тууралуу алдын ала эскертчү аппаратты кимдир бирөө бузуп койгонун кабарлашкан.

Цунами коркунучу тууралуу алдын ала маалымат берилген күндө деле алыскы, адистердин айтымында, айыл-кыштактардын эли убагында башка коопсуз жайга качып үлгүрө албайт болчу дешет.

Индонезия сейсмикалык “өтө коркунучтуу” делген аймакта жайгашкан. 2004-жылдын декабрында Суматрада 9 баллга жеткен зилзаладан кийин да цунами болуп, андан 226 миңден ашуун адам набыт болгон эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG