Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Орлов: Кыргызстан суу лидери боло алат


Бенжамин Орлов
Бенжамин Орлов

Кыргызстан Борбор Азияда суу ресурстары менен лидер боло алабы? Кен казуудан жабыркаган экологияны кантип оңдосо болот?

“Азаттыктын” мөңгү жана суу саясаты боюнча суроолоруна Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору Бенжамин Орлов жооп берди.

“Азаттык”: Бенжамин мырза, сиз билгендей Кыргызстанда азыр мөңгүлөр боюнча бир топ орчундуу көйгөйлөр бар. Бийлик кен казуучу компанияга экономикалык кыйынчылыктан улам мөңгүнүн жанында жүргөн ишти жыл аягына чейин улантууга уруксат берди. Бул багытта эколог, мөңгү изилдөөчүсү катары Кыргызстан эмне кылышы керек деп ойлойсуз?

Бенжамин Орлов: Чындыгында суу ресурстары маселеси бул жакта аябай орчундуу. Анткени суунун айыл чарбадагы мааниси зор. Бишкекти жандуу шаар кылган арыктарда агып жаткан, мөңгүдөн түшкөн кашка суу. Ушу тапта сууну туура пайдалана билүү өтө маанилүү.

Давыдов мөңгүсү
Давыдов мөңгүсү

Мөңгүлөр суу менеджментинде эң негизги орунда турат. Кыргызстанда жүргөнүмө бир нече эле күн болсо дагы Чүй, Нарын сыяктуу ири дарыялардан суунун эбегейсиз чоң запасы агып жатканын байкадым. Мөңгүлөр да бузулбай турат. Сугат тармагы үчүн албетте бул өтө жакшы көрүнүш. Бул суунун баары мөңгүдөн келип жатпайбы. Андыктан аларды коргоо үчүн мамлекеттик интеграцияланган саясат болушу керек.

“Азаттык”: Кыргызстан ушул сиз айтып жаткан суу ресурстары менен Борбор Азияга лидерлик кыла алат деп ойлойсузбу?

Бенжамин Орлов: Албетте боло алат. Себеби суунун башаты ушул жерде. Менимче, Кыргызстан бул сууну көп багыттуу колдонушу керек. Азыр гидроэнергия, айыл чарба жана муниципалдык максатта туура пайдаланса болот.

“Азаттык”: Бирок Кыргызстан ушунчалык көп суу запастары болсо деле Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ичинен энергетикалык проблемасы чечилбеген өлкө бойдон калууда. Мамлекет бул акыбалдан чыгуу үчүн эмне кылышы керек деп ойлойсуз?

Токтогул суу сактагычы
Токтогул суу сактагычы

Бенжамин Орлов: Сууга бай мамлекет чогулган сууну туура, максаттуу пайдаланууну да өздөштүрө билиши керек. Биринчи кезекте бул суу жергиликтүү элдин кызыкчылыгы үчүн башкача айтканда, үзгүлтүксүз электр энергиясын өндүргөн каскаддарда колдонулушу керек. Сууну экспорттоо маселеси жергиликтүү талап ишке ашкандан кийин гана башталганы дурус. Аны мамлекет дыкаттык менен, элдин пикирин уккандан кийин гана аткарса болот.

Орлов: Кыргызстан суу лидери боло алат
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Кен казуу маселесине токтолсок. Жакында эле парламент Кумтөрдөгү ишти жыл аягына чейин улантууга Centerra Cold Ink компаниясына уруксат берди. Ал жерде ири мөңгүлөр жайгашкан. Эми мунун артынан биздин экология жана таза суу системабыз катуу жабыр тартып калат деп ойлойсузбу?

Бенжамин Орлов: Мен көп жыл Калифорния Штатында жашаган элем. Ал жакта алтындын ири кору жатат, экологиялык жактан аябай сезимтал аймак. Калифорниянын бийлиги алтын казуучу кенчилерге өтө катуу шарттарды койгон. Айрыкча казылган аймакты кайра калыбына келтирүү иши аябай жакшы жүргөн. Бир нече жыл мурда алтын кени казылган жер азыр жапжашыл жаратылыш паркына айландырылган. Токой пайда болуп, өсүмдүктөрдүн түрү жайнайт, жан-жаныбарлар кадимкидей жүрүшөт.

Дүйнөдө минералдарга муктаждык күч. Албетте кен казып, экономиканы ирдентүүгө болот. Бирок кен казууга уруксат берген мамлекет ошол компаниялардан экологияны кайра калыбына келтирүүсүн да талап кылышы зарыл.

Мөңгүлөрдүн абалы. Профессор Исакбек Торгоевдин сүрөтү.
Мөңгүлөрдүн абалы. Профессор Исакбек Торгоевдин сүрөтү.

“Азаттык”: Сиз Чыгыш Африкада да бир топ жыл изилдөөлөрдү жүргүзүпсүз. Ал жактагы сууну башкаруу системасы менен Борбор Азиядагы абалдын окшоштуктары бар бекен?

Бенжамин Орлов: Абдан кызыктуу окшош жагдайлары бар. Африкада өзүңөр билгендей, Нил дарыясы бар. Бул дарыя беш-алты өлкөдөн агып өтөт. Борбор Азияда да кырдаал ушундай. Бирок Африка өлкөлөрүнүн бул жакка салыштырмалуу территориясы аябай чоң.

Маселен Египет Нил дарыясынын эң ылдыйкы агымында жайгашкан, чөлдүү аймакта болсо да, пахтаны өндүргөн өлкө. Эми буга Өзбекстанды окшоштурсак болот. Маселен Эфиопия менен Угандага Кыргызстандагы суу запастарын салыштырып болбойт. Ошентсе да ал жакта суу талашы дээрлик жок.

Өз ара курулган диалогдун жардамы менен сууну туура пайдаланып жатышат. Суу проблемасы ал жакта дээрлик угулбайт. Менимче, сууну башкарууда коңшу өлкөлөр арасындагы диалог өтө маанилүү. Пайдалуу сүйлөшүүлөр, өз ара макулдашуулар менен гана суу стратегиясын жана саясатын аныктап алса болот.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG