Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Турсунбеков: Баш мыйзам боюнча президенттин сунушун колдодук


Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана Чыныбай Турсунбеков
Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештеги үч фракция лидерлери президенттин өтүнүчү менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жазылган мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу чечимин кабыл алды.

Мындай кадамга баруунун себептерин фракция лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” курган маегинде айтты.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен коалиция лидерлери Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушун артка чакырып алды. Мунун себеби эмнеде?

Чыныбай Турсунбеков: Президент бизге атайын кат менен кайрылды. Анын кайрылуусун эске алуу менен биз да бул мыйзамды "бүгүнкү күн ушуну талап кылып жатса, токтото туралы" деген бир чечимге келдик.

Акыркы кезде коомчулукта айтылган пикирлерди эске алуу менен эми бул маселени кийинки парламенттин кароосуна калтырдык. Жаңы парламент муну карайбы, же жокпу ал өз убагында билинет. Негизи биз мындай чечимди коомчулуктун гана кызыкчылыгын эске алуу менен кабыл алдык.

“Азаттык”: Алмазбек Атамбаев сиздерге Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзамын токтото турууну сунуштаганда кандай жүйөлөрдү келтирген?

Чыныбай Турсунбеков: Албетте, биринчи кезекте президент бизден бул маселени караганда ашыкпай иш алып баруубуз керектигин айтыптыр. Убакыттын тардыгын эске алуубузду, колдон келишинче көбүрөөк талкуулап, коомчулук менен кеңешип чечүү керектигин жазыптыр. Себеби сунуш кылынып жаткан өзгөртүүдөгү айрым жоболор коомчулук жана жарандык активисттер тарабынан бир кылка кабыл алынбай жатканын эске алууну суранган экен.

“Азаттык”: Коалициядагы башка фракция лидерлери, маселен Феликс Кулов же Өмүрбек Текебаевдин кайра чакырып алуу чечимине реакциясы кандай болду?

Чыныбай Турсунбеков: Биз баарыбыз отуруп, кеңешип, алардын макулдугу менен ушундай кадамга бардык. Алар деле президенттин сунушун колдошту. Болбосо эгерде үчөөбүздүн бирөөбүз кол койбой койсок анда мыйзамды чакырып алуу чечилбей калмак. Эгерде мыйзамдын демилгечилеринен кимдир бирөө макул эмес болсо, аны Жогорку Кеңеш сөзсүз кайра карамак.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG