Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Иран: Окумуштуу АКШда кыйноолорго кабылганын айтты


Ш.Амири Тегерандагы аба майданында жеңишке жеткенин көрсөтүп жатты, 15-июль, 2010
Ш.Амири Тегерандагы аба майданында жеңишке жеткенин көрсөтүп жатты, 15-июль, 2010

Ядролук энергия боюнча окумуштуу-физик АКШдан Иранга кайтып келди. Аба майданында аны үй-бүлөсү жана өкмөттүн адамдары тосуп алышты. Тегеранга келээри менен Шахрам Амири АКШда ал “оор кыйноолорго, психологиялык кысымга алынганын” айтты.

Ошол эле маалда "The Washington Post" гезити атын атагысы келбеген расмий өкүлгө шилтеме жасап, Амири бир жылдан ашуун убакыттан бери Американын Борбордук Чалгыз Агенттигине иштегенин, 5 млн.доллардай айлык алганын жазып чыкты.

Ирандык окумуштуу Шахрам Амири бир жыл мурда Сауд Арапстанга зыяратка барганда жоголуп кеткен. Аны уурдап кетишкени айтылган эле. Бейшембиде Тегеранга келгенден кийин ал Кошмо Штаттарында чалгын агенттиги тарабынан орой кыйноолорго кабылып, Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө жалган маалымат бергенге аргасыз болгонун айтты.

“Мен АКШга келгенден кийин алгачкы эки айда мени психологиялык жактан чалгын агенттери аябай катуу кыйноолорго алышты”, - деди Амири.

Амири анын үй-бүлөсүнө Иранда коркутуу болбогонун айтты
Анын айтымында, АКШнын Борбордук чалгын агенттиги ага 50 млн.доллар акча сунуш кылып, Америкадан кетпешин сураган. “Бирок мен Иранды жаманатты кылгым келбей, бүт акчасынан баш тарттым”, - деди ал.

“Кудай колдоп, мен буга каршы тура алдым, - дейт ал. - Менин оордумда ирандык ким болбосун, өз өлкөсүнө акча үчүн чыккынчылык кылбайт болчу деп ойлойм”

Ошол эле маалда "The Washington Post" гезити атын атагысы келбеген расмий адамга шилтеме жасап, АКШнын чалгын агенттиги Амириге Ирандын өзөктүк программасы боюнча маалымат бергени үчүн 5 млн.доллардан ашуун акча бергенин жазды. АКШ Тегерандын өзөктүк программасы ядролук бомба жасоого багытталган деп келатат. Иран болсо муну четке кагып, анын өзөктүк программасы жайчылык максатты гана көздөөрүн айтууда.

Америкалык айрым чинвониктер бул гезитке айтышканына караганда, АКШнын чалгын кызматы Амириге төлөгөн акчанын көлөмү эле ал берген маалыматтын канчалык баалуу экенин көрсөтөт. Ошон үчүн ал Америкада калып, жашашына мүмкүнчүлүк берилген дешти.

Амири аларга чындап эле Ирандагы Кум шаарында уранды байытуучу экинчи завод бар экенин ырастаган. Ал завод тууралуу маалымат АКШга Бириккен улуттар уюмунун атынан Иранга каршы жаңы санкция киргизүүгө шарт түзгөн.

"Жөнөкөй окутуучу"

Ошентсе да, Тегеранга келгенден кийин Амири өзөктүк программа менен эч кандай байланышы жоктугун айтып, өзүн “университетте дарс окуган катардагы эле окутуучу” деп атады. “Мен эч кандай жашыруун маалыматты билбейм”, - деди ал.

32 жаштагы Амири өлкөдөгү Малек-е-Аштар индустриалдык университетинде иштегени белгилүү. Бул университет Ирандагы Революциячыл гвардия менен байланышы бар дешет.

АКШдагы айрым расмий өкүлдөр Амири өлкөгө өз ыктыяры менен келгенин, бирок 14-июлда кокусунан эле Пакистандын Вашингтондогу элчилигине башкалкалап келгенин айтышты. Алардын ишениминде, аны Ирандын чалгын кызматтары үй-бүлөсүнүнө коркунуч келе турганын айтып, коркутушкан.

Бирок ал өзү Тегеранга келгенден кийин башкача маалымат бере баштады. Үй-бүлөсүн эч ким коркутпаганын, анын өзүн Америкада Медина шаарында уурдап кетишкенин, үкөл сайып уктатып, аскерий учак менен Америкага алып качып кетишкенин айтты.

“Мунун башкы максаты – алар Иран ислам республикасына каршы жаңы саясий оюнду баштагысы келишкен, - деди физик. - Ал оюнга жараша мен АКШга өз ыктыярым менен барып, башпаанек сурагандай болушум керек эле. Журналисттерге ошентип айтышмак. Анан өзүмдүн компьютеримде Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу жашыруун маалыматты АКШга бергендей болуп көрүнүшүм керек эле”.

Буга чейин АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон окумуштууну өлкөгө өз эрки менен эле келген деп айткан. Амири болсо ага жооп иретинде: “Эгер мен Америкадан башпаанек суроону каалаганымда, эмне үчүн өзүмдүн үй-бүлөмдү эртерээк АКШга жөнөтүп жибербедим?”, - деп суроо салды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG