Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Иран ФИФАга нааразы


Команда мелдешке чыкпай калганда улуттук желегин өөп, майдандан чыгып кетти, Амман, 3-июнь, 2011
Команда мелдешке чыкпай калганда улуттук желегин өөп, майдандан чыгып кетти, Амман, 3-июнь, 2011

Футбол Ассоциацияларынын эл аралык федерациясы (ФИФА) ирандык кыз-келиндердин командасын хижаб кийишкени үчүн 2012-жылкы Олимпиадага тандоо мелдешине катыштырбай койгон. Ирандын футбол жетекчилиги ФИФАнын чечимине нааразы болууда.

Ирандык кыздардын футбол командасы 3-июнда Иорданиянын футболчу кыздары менен беттешмек. Бирок ФИФАнын өкүлдөрү ирандык команда хижаб кийип алыптыр деп, аларды оюнга катыштырбай коюшкан. Оюн болбой эле ошол жерде 3:0 эсеп менен Иранды утулду деп жарыялашты.

Буга нааразы болгон Ирандын футбол жетекчилиги эми ФИФАны сотко беребиз деп коркутуп жатат.

Аммандагы оюндун алдынан кабыл алынган чечимди Иран 2012-жылкы Олимпиадага катышуу үмүтүнө балта чапты деди.

Ирандын футбол федерациясынын расмий өкүлү Фариде Шояй: “Эми эмне болоорун болжош кыйын болуп турат, - дейт. - Бирок биз өзүбүздүн команданын кийимин алмаштырбасак керек, анткени алдын ала өткөрүлгөн оюндар кайталанбайт. Экинчи айлампада ойноого укук алыш үчүн каражатын, убагын жумшаган өлкөлөр ал оюндарды кайра кайталоону каалашпайт. Анын үстүнө, ушул аптада финалдык оюндарга ким бараары аныкталып калышы деле мүмкүн”.

Фариде Шояй
Шояйдын айтымында, Олимпиадага тандоо оюндарынын эрежелери өзгөрүлгөнү тууралуу Ирандын футбол жетекчилигине алдын ала кабарлашкан эмес. “Былтыр ФИФА аялдардын кийими тууралуу эрежени жарыялаганда Иран өзүнүн командасынын кийимине айрым өзгөртүүлөрдү киргизген жана аны ФИФАнын президенти Зепп Блаттер жактырган”, - дейт Шояй.

“Биз ФИФАга жагдайды түшүндүрүп беришин сурап кат жаздык. Алар болгону мурдараак бул тууралуу жарыя болгонун гана айтып коюшту, - деди Ирандын футбол федерациясында аялдар иштери боюнча расмий өкүл Фариде Шояй. - Бирок биз бул оюндардын алдынан алардан кат албадык. Балким, алар былтыркы талап жөнүндө айткандыр. Андай болсо, талапты биз аткарып, айрым өзгөртүүлөрдү киргизгенбиз, андан кийин мелдештерге катышканбыз. Кийинки айлампадагы оюндарга да жакшы эле катышып жүргөнбүз. Демек, Олимпиадага катышууга да эч кандай тоскоолдук жок болчу”.

Талаптын таржымалы

Дүйнөлүк футбол федерациясында болсо Ирандын да, Иорданиянын да футбол жетекчиликтерине башына мойнун да жапкан жоолук салынып футбол ойногонго мүмкүн эмес экени тууралуу “кеңири маалымат” айтылган дешти.

ФИФАнын расмий билдирүүсүндө 2010-жылкы талапка шилтеме жасалып, анда футболчулар башына жоолук салынса да, кулагы, мойну көрүнүп турушу керектиги айтылды. “Айтылган талапты ирандык делегация дурус эле түшүнгөнүнө карабай, бул жолку оюнга баары башын, мойнун толугу менен жапкан хижабчан келишиптир. Бул – оюндун эрежелерин бузгандык”, - деп айтылат билдирүүдө.

Дегинкиси, бул жолку окуя ФИФАда аялдардын кийими боюнча биринчи жолку чатак эмес. 2004-жылы Блаттер өзү “аялдар футболдо тар шорта кийип, аялзатына жарашыктуу формада чыкса болот эле” деген сунушу үчүн далай сынга кабылганы бар.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG