Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Ирандын Олимпиадада медаль алган жалгыз спортчу айымы өлкөдөн кетти


Кимия Ализаде 2016-жылкы Олимп оюндарындагы коло медалына кубанып жатат. Рио-де-Жанейро. 18-август, 2016-жыл.
Кимия Ализаде 2016-жылкы Олимп оюндарындагы коло медалына кубанып жатат. Рио-де-Жанейро. 18-август, 2016-жыл.

Олимп оюндарында медалга жеткен Ирандын жалгыз спортчу айымы Кимия Ализада өлкөдөн чыгып кеткенин жарыялады. Ал бул чечиминин саясий жүйөсү бар экенин түшүндүрдү. Ализада «Инстаграмдагы» баракчасына жазган билдирүүсүндө өзүн «Ирандагы басмырланган аялдардан бири» деп атайт. Ал Ирандын атынан эл аралык мелдешке чыгып жатып өзүн эркин сезбегенин жазат. «Ар дайым мага көрсөтмөдө берилген сөздү гана кайталып, мага берилген гана кийимдерди кийүүгө аргасыз болчумун. Биз алардын колунда жөн гана куурчакпыз. Биздин медалдарыбыз гана бааланат, анткени аларды саясий максатта колдонсо болот»- деген Ализада коопсуз жакта жашап, таэквондо менен гана алектенгиси келерин кошумчалаган.

Азырынча спортчу кайда жашары жана кайсы мамлекеттин атынан эл аралык таймаштарга катышары белгисиз. Мурдараак ал Нидерландда машыгып жүргөнү айтылган. 21 жаштагы Кимия Ализаде 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимп оюндарында таэквондо боюнча коло медалга ээ болгон.

Ирандын жетекчилиги украиналык жүргүнчү учакты атып алганын мойнуна алган соң өлкөдө нааразылык акциялары тутанды. Бийлик ичинде 176 адам салган лайнерди «адашып атып» алганын билдирген. Өткөн жылдын соңунан бери Иранда ар кандай себептерден улам нааразылык акциялары утур-утур тутанып келет. Митингге чыккандар жашоо деңгээлинин түшүп кетишине, мунайдын кымбатташына, аялдардын укуктарынын чектелгенине каршы.

XS
SM
MD
LG