Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

БУУ: Кескелдирик кескин азайды


Иран - "Луристан кескелдириги"
Иран - "Луристан кескелдириги"

Бириккен улуттар уюмунун Жаныбарларды коргоо бөлүмү ушул аптада Дохада жыйын өткөрдү. Анда бөлүм Иранда табылган кескелдириктин анча белгисиз түрү интернетте көп сатылып, натыйжада азыр жоголуу коркунучунда калганын билдирди.

Сөз Ирандагы Луристан регионунда гана табылган кескелдириктин түрү жөнүндө болуп жатат. Анын терисинин кооздугуна тамшангандар көп. Ак-кара ала-чаар териси, башынан куйругуна чейин созулган сары-кызгылт сызык аны өзгөчө татынакай кылып көрсөтөт.

Соңку жылдары ага мергенчилик күчөп, интернет аркылуу сатыла баштаган экен. Азыр эми мындай кескелдириктен болгону 1 миңдей эле калган дешет.

Ошон үчүн ага мергенчилик кылууга толук тыйуу салыш керек деген Ирандын сунушу Дохадагы жыйында каралып, колдоого алынды.

Интернет базары

Эрни Купер – жаныбарлардын соодасына көз салган “Траффик” деген агенттиктин өкүлү. “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, ал Ирандагы эчкемердин мисалы жаныбарлардын интернет содасынын күчөшү эмнеге алып келээрин көрсөтөт, деди.

“Бул жаныбарлардын ар бири 200-300 доллардан сатылса керек, - дейт Купер. - Көптөр эчкемерди андай акчага сатып алгысы келбеши мүмкүн. Бирок интернетте бул татынакай жаныбарды алууну каалаган 200-300дөй адам табылат. Ошентип, интернет ушундай жаныбарларды мыйзамсыз сатууга шарт түзгөн өзүнчө бир базарды пайда кылды”.

Ал иштеген “Траффик” агенттиги 2006-жылы атайын иликтөө жүргүзүп, интернетте “Луристан эчкемерин” саткан 10 интернет-сайтты тапканын билдирген. Алардын бири – Украинадагы ишкана – жылына 200дөй кескелдирикти сатып жүргөнү айтылды.

Коркунуч күчөгөндө

Чынында азыр дүйнөдө канча “Луристан кескелдириги” сатылып кеткенин эч ким так айта албайт. Кескелдирик эле эмес, Африкадагы пилдердин мүйүзү, ажайып чымчыктар, арстан, ак аюу, иши кылып, Кызыл китепке кирген жаныбарлардын канчасы сатылып кеткени белгисиз.

Эки жыл мурда жаныбарларды коргоо боюнча эларалык уюм алардын 7000 түрү интернет-сайттардагы аукциондордо, чаттарда АКШга, Европанын бир топ жерлерине, Кытай, Орусия, Австралияга сатылып кеткенин маалымдаган.

Ошондуктан Дохадагы жыйындын катышуучулары резолюция кабыл алып, дүйнөнүн бүт өкмөттөрүн өздөрүндөгү сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоодо маалымат технологияларынын ролун да эске алууга үндөштү.

Жаныбарларды Коргоо боюнча эларалык фонддун расмий өкүлү Пол Тодд ал чакырыктын маанисине кайрылат.

“Резолюция өкмөттөрдү өздөрүндөгү абалды жакшыртуунун жолдорун иштеп чыгууда жаңы интернет технологияларынын маанисин да эсепке алууга үндөйт, - деди Пол Тодд. - Көпчүлүк мамлекеттерде жан-жаныбарларды сатуу жөнүндөгү мыйзамдар ондогон жылдар мурда, интернет пайда болгонго чейин, жазылган. Демек, ал мыйзамдарды азыркы шартка жараша өзгөртүү талап кылынат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG