Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Ирак: ислам рейди коркутту


Багдадда арак-шарап христиандар же башка диндеги адамдар жашаган жерлерде гана сатылат.
Багдадда арак-шарап христиандар же башка диндеги адамдар жашаган жерлерде гана сатылат.

Өткөн аптада Багдаддагы ресторан, түнкү клубдарга коопсуздук күчтөрү бастырып киргенде, алар арак-шараптарды сындырып, адамдарды уруп эле тим болушкан жок. Алар, эң оболу, Ирак барган сайын исламдашып баратканын көрсөтүштү.

Багдаддагы ресторанда түрдүү оюн автоматтарында же кинозалдарда отургандар кокусунан эле коопсуздук күчтөрүнөн келтек жейбиз деп ойлошкон эмес. Бирок ошол жерлерде алкоголь ичимдиктери сатылгандыктан, 4-сентябрда көңүл ачып жаткандар дал ошондой окуяга туш болушту.

Куралчан аскерлер бул күнү арак саткан дүкөндөрдөн тарта бар-клубдарга чейинки 10 жерге рейд жасашты. Алардан кийин сынган шишелер, көгөргөн денелер калды, андан да “Ирак чындап эле Ислам өлкөсү болуп баратат” деген коркунуч калды.

Соңку жылдардагы эң эле зордукчул рейддердин бири бул ирет, аскерлердин ишениминде, мыйзамсыз түрдө арак-шарап саткан жерлерде болду. Бирок ошол мекемелердин ээлери иш үчүн лицензиясы бар экенин, айрымдары ирактык интеллигенцияга кеңири белгилүү жайлар экенин да айтып жатышат.

Андай жерлердин бири - өлкөнүн Жазуучулар союзу менен иштешкен Cinema Club. Коопсуздук кызматкерлери бул жерге саат 20:00 кирип, отурган 300 кишиге “тезинен бул жерден жоголгула” деп кыйкырып киришкен. Эл дүрбөлөңгө түшүп, биринен өтө экинчиси эшикке карай чуркаганда тебелендиде калган аксакал Рида Шамари бутун сындырып алганын айтат.

"Менин бутум сынды. Алар эсин жоготкон адамдардай кыйкырып, 40 киши кирип келди. Биз алгач аларды террористтерби же ким деп билбей калдык, - деп эскерет ал күндү Шамари. - Алар душманы менен күрөшүп жаткандай бизди колундагы мылтыгы, камчысы, электр сайгычтары менен да ургулап сабап киришти. Бул клубга келген адамдар баары абройлуу интеллектуал кишилер эле".

"Арам ишти эмне кыласың?"

Соңку рейд Багдаддын мусулмандар менен христиандар аралаш жашаган эки районунда – Каррада, Арасат деген жерлеринде – болду. Ирактагы мыйзамга ылайык, арак-шарап жалаң христиандар же башка диндеги адамдар жашаган жерлердеги дүкөндөрдө гана сатылат. Бирок адатта аларга мусулмандар деле келип жүргөнү белгилүү.

Саад Яссен өзү “Язиди” сектасынын өкүлү. Бул - адаттагы күрд, зороастризм жана исламдагы суфизмдин негиздерин камтыган секта. Ал ресторанынын бакчасында оюн автоматтарын коюп, ошол күнү 150 тегерегинде адамды кабыл алып жатканда рейдчилер келип келишкен.

"Биз бул клубду иштетиш үчүн лицензияны 2009-жылы алганбыз. Өзүбүз “язидичилер” болгондуктан, бизге арак ичимдиктерин сатканга болот. Бирок кокусунан эле ошол күнү коопсуздук күчтөрү бастырып кирип, элди сабай башташты. Биздин кызматкерлерди уруп салышты. 25 чакты аскер келип, конокторду сыртка кууп чыгып, колундагы мылтык-камчылар менен сабап киришти", - дейт ишкер.

Яссенге да коопсуздук күчтөрү “арак сатканыңды кой, андан көрө адал иш кылбайсыңбы?” дешкен.

Капысынан эле эл эс алган жерлерге кирип, баарынын үрөйүн учурган аскерлер ким экени азырга чейин беймаалым. Коопсуздук күчтөрүнүн айрым өкүлдөрү жашыруун түрдө журналисттерге “биз генерал Фарук ал-Аражинин адамдарыбыз” дешиптир. Аражи - премьер-министр Нури ал-Маликинин аппаратында коопсуздук боюнча эң жогорку тепкичти ээлегендердин бири.

Өкмөт болсо түнкү операция жөнүндө эч кандай билдирүү жасай элек. Жергиликтүү бийликтер “Азаттыкка” сүйлөп, операция мыйзамсыз түрдө алкоголь саткандарга каршы багытталганын, профессионалдык жогорку деңгээлде аткарылганын айтышты.

Кыжаалаттык

Багдаддын арак саткан жайларына адатта полициясы да, фундаменталист козголоңчулары да, анан “ал-Каида” сыяктуу террор топторунун жанкечтилери да кол салышат.

Бирок, непада 4-сентябрдагы операцияны өкмөткө тиешелүү гвардия жасаганы ырасталып калса, бул соңку окуяга саясий түс-боек бериши керек.

Азыр Ирактын өкмөтүндө шийилердин диний партиялары үстөмдүк кылат, алар адатта исламдын өтө кескин формасын карманып, алкоголь ичимдиктерине толугу менен тыйуу салышат.

Ошондуктанбы, айтор, азыр айрым байкоочулар жакындагы рейдди Иракта ислам өлкөсүн курууну каалаган партиялардын басымы катары баалай башташты.

Шаих Халед ал-Мулла – белгилүү сунни динаятчысы. Ал соттун чечими жок эле рейд өткөргөндөрдү айрым башка өлкөлөрдөгү “мораль полициясы” менен салыштырат.

"Биз Ислам өлкөсү эмеспиз. Ирактын системасы толугу менен исламдан башат алган негизде курулган эмес. Ооба, бизде исламчыл партиялар бар, калкыбыздын басымдуу бөлүгү да мусулмандар, бирок бизде башка азчылыктар да бар жана аларды да урматташыбыз керек, - дейт ал-Мулла. - Айрым башка мамлекеттердегидей мүнөздө бизде да рейд өткөргөн, менимче, такыр болбогон жорук".

Чынында эле, Иракка коңшулаш эки мамлекетте тең – Иран менен Сауд Арапстанда – арак ичимдиктерин сатууга тыйуу салынган жана “адеп-ахлак полициясы” каалаган учурда рейд өткөрө берет.

"Конституцияда тактык жок"

Бирок Иракта акыркы жолкудай “исламчыл рейд” жүргүзгөнгө такыр мүмкүн эмес деп да айтыш кыйын. Диниятчы Шаих Абдул Хассан ал-Фурати муну өлкөнүн Баш мыйзамында тактыктын жоктугу менен түшүндүрөт.

"Конституциянын 2-беренесинде “Шариатка каршы келген мыйзамдарды кабыл алууга мүмкүн эмес” деп айтылып жүрөт. Ошол эле маалда адам укуктарын же демократиялык баалуулуктарды чектеген мыйзамдар да кабыл алынбайт. Биз мына ушул карама-каршылыкты жоюшубуз керек", - дейт динаятчы.

Ал-Фурати азыр бул боюнча дин өкүлдөрү жана юрист-эксперттердин атайын тобун түзүп, ушул проблеманы чечишибиз керек дейт. “Конституциядагы бул алешемдик чечилмейин, ар ким мыйзамды өзү каалагандай чечмелей берет”, - деп ишенет ал.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG