Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Ирак аскерлери Рамадини толук алуу аракетинде


Ирак армиясы Рамадини толук алуу аракетинде
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:23 0:00

Ирактын Рамади шаарындагы уруш.

Ирактын коопсуздук күчтөрү Рамади шаарын “Ислам мамлекети” тобунан толук бошотууга аракеттенип жатат. Кечээтен тарта аскерлер бул шаардын борборуна чабуул коюуга киришти. Операцияга АКШ баштаган коалиция да абадан колдоо көргөзүүдө.

Борбор Багдаддан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан, “Ислам мамлекети” террордук тобу басып алгандан кийин жашоочуларынын саны 4 миңден 12 миңге чейин деп саналган шаарды согушкерлерден тазалоо операциясы өткөн айда башталган болчу.

Ал эми ушул шейшембиден тарта аскерлер шаардын борбордук бөлүгүн бошотууга киришип чабуулга өтүштү. Анын алдында бир ай бою экстремисттер көзөмөлдөгөн шаарды камсыздоо жолдорунан кыркуу аракети көрүлгөн.

Рамади шаарын “Ислам мамлекети” тобунун быйыл майда басып алышы Ирак өкмөтү үчүн чоң жоготуу болгон:

"Ирактын каарман, эр жүрөк уулдары жеңиш жана ар-намыс үчүн күрөшүүдө. Эртең мененки ондон тартып, алар шаардын борборун террорчулардан тазалоо операциясын баштады. Бул эр жүрөк жигиттердин аракети менен Кудай колдосо, жеңиш келе жатат",- деп белгиленди аскерий командачылыктын теледен окулган билдирүүсүндө.

Ирактын чалгын кызматтарынын эсебинде, Рамадинин борборунда “Ислам мамлекети” террордук тобунун 250дөн 300гө чейинки сандагы согушкерлери бар. Операцияга АКШ баштаган коалиция да колдоо көргөзүүдө.

Коопсуздук күчтөрү Рамадинин четки райондорунун биринде. 20-декабрь, 2015-жыл.
Коопсуздук күчтөрү Рамадинин четки райондорунун биринде. 20-декабрь, 2015-жыл.

​Коалициянын Багдаддагы өкүлү Стив Уоррендин айтуусунда, Ирактын аскерлери шаардын борборун көздөй жолдо жерге көмүлгөн миналарды жана жарылуучу заттарды таап жатат.

АКШ аскерлеринин инженерлери Евфрат дарыясындагы көпүрөлөрдү оңдоого жардам берип, утурумдук көпүрөлөрдү орнотууда. Стив Уоррен алдыда оор уруштар күтүлөрүн болжолдоду.

АКШ акыркы айларда Иракты турукташтыруу, анын алсыз өкмөтүн колдоо аракеттерин күчөттү. Сегиз жылга созулган согуш бүткөнү расмий жарыялангандан төрт жыл өткөндөн кийин да АКШнын Иракта 3500дөй аскери турууда.

Президент Барак Обама өткөн аптада Вашингтондогу басма сөз жыйында төмөнкүлөргө токтолгон эле:

- Жайдан бери “Ислам мамлекети” тобу Иракта же Сирияда басып алган бир да операция өткөрө алган жок. Иракта алар көзөмөлдөгөн, эл жашаган аймактардын азырынча 40% жоготту жана дагы жоготот.

Ирактын күчтөрү азыр Рамадиге тереңдеп кирүүгө аракеттенүүдө. Алар Фаллужаны курчоо, Мосулду камсыздоо жолдорунан ажыратуу үстүндө иштөөдө.

Ирактын экинчи ири шаары Мосул “Ислам мамлекети” тобунун колунда 2014-жылдын жайынан бери турат. Фаллужа андан кийин ээленген. Эгер Рамади толук бошотулса, бул Ирактын коопсуздук күчтөрүнө моралдык дем берет жана Тикрит менен Синжардан кийин “Ислам мамлекети” тобунан бошотулган үчүнчү шаар болот.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG