Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Ирак Багдаддагы теракттан кийин аза күтүүдө


Багдаддагы соода борбордогу жардыруудан 119 адам өлүп, 200дөйү жарадар болгон.

4-июлда Ирак өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади теракт болгон жерге келип, үч күндүк аза күтүү жарыялады. Ал ошондой эле иликтөө иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жазалоону тапшырды.

3-июлда орун алган жардырууларга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алды. АКШ терактты айыптап, ал ИМге каршы күрөшүү максаты зарыл экенин көрсөттү деди. “Биз “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмду жоготууда Ирак эли жана өкмөтү менен бирбиз” деп белгиленген Ак үй тараткан билдирүүдө.

Ал эми 1-июлда Бангладештин борбор шаары Даккада куралчан адамдар кафелердин бирине кол салып, бир нече кишини барымтага алган.

Куралчан адамдар 1-июлда кечинде ал жакка кирип барып, дароо чет өлкөлүктөрдү аныкташкан. Жергиликтүү адамдарга турууга буйрук берип, көздөрүн байлап туруп, Курандын аяттарын айттырышкан. Чет элдиктердин көбүн мууздап өлтүрүшкөн.

Бангладеш бийликтери Даккада 20 чет өлкөлүк жарандын көзүн тазалаган куралдуу топ "Ислам мамлекети" радикал уюмунун эмес, жергиликтүү жоочулар тобунун мүчөлөрү болчу деп билдирди.

XS
SM
MD
LG