Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Ирак-Түркия талашына Орусия да аралашты


Ирак менен Түркиянын чек арасындагы түрк аскерлери жана техникалары.
Ирак менен Түркиянын чек арасындагы түрк аскерлери жана техникалары.

Ирак өкмөтү соңку күндөрү өлкө түндүгүнө түрк аскерлери эч кандай эскертүүсүз жайгаштырылуусуна нааразылык билдирип, Түркиядан аскерлерин тезинен чыгарып кетүүнү талап кылууда.

Түркия аскерлери Ирак күчтөрүн терроризмге каршы машыктырып келген мурдагы топту алмаштыруу үчүн барганын айтууда. Бул талашка кечээ Орусия да аралашып, Ирак аймагында түрк аскерлери жайгашуусу чыңалууга өбөлгө түзөрүн билдирди.

Ирак өкмөтү өткөн жуманын соңунан тарта түрк аскерлери өлкө түндүгүндөгү Мосул шаарына жакын жерге жайгашуусуна кескин нааразылык билдирип, Түркиядан аскерлерин тезинен чыгарып кетүүсүн талап кыла баштады. Буга байланыштуу Түркиянын Багдаддагы элчиси тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага Түркия эч кандай макулдуксуз Ирак аймагына аскер киргизгенине нааразылык билдирилди.

Ирак Тышкы иштер министрлиги муну “душмандык аракет” катары баалаган. Түрк өкмөт башчысы Ахмет Давутоглы болсо аскер жайгаштыруу Багдад менен алдын ала макулдашылганын жана алар Ирак кошуундарын терроризмге каршы машыктырып келген мурдагы топту алмаштыруу үчүн барганын айтып чыкты.

Бирок Ирак өкмөтү бул боюнча эч кандай макулдашуу болбогонун ырастап, кандайдыр бир макулдашуу болсо түрк тараптан ага далил талап кылды.

Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади бул тууралуу 7-декабрда Багдадда Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен кездешкен учурда да айтты:

Хайдар ал-Абади
Хайдар ал-Абади

- Түрк аскерлери Иракка эч кандай макулдашпай туруп кирип келишине мен учурдан пайдаланып, тынчсыздануу билдирет элем. Бизге бул боюнча эч кандай маалымат беришкен эмес, болбосо биз мындайга жол бербейт элек. Биз түрк өкмөтүн бул боюнча маалымат берилгенин же кандайдыр бир макулдашуу болгонун далилдеп берүүгө чакырдык. Ирактын түндүгүнө Түркия жашыруун аскер жайгаштырып, бизге бул тууралуу эч нерсе айтпаганына чынында биз таң калдык. Эгер алар биз менен эч кандай макулдашпай туруп, биздин аймакка аскерлерин киргизип жатса, бул Ирактын көз карандысыздыгын бузууга жатат.

Ирак өкмөт башчысы андан ары Түркия аскерлерин өлкөдөн тезинен алып чыгып кетүүгө тийиштигин дагы бир жолу кайталады:

- Биз түрк досторубузду өз аскерлерин Ирактан тезинен чыгарып кетүүгө чакырабыз. Биз кошуна өлкөбүз жана биздин куралдуу күчтөр “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө бири-биринин аймагын бузбай кызматташууга тийиш.

Премьер-министр Хайдар ал-Абади эгерде Түркия аскерлерин чыгаруу талабын 24 саат ичинде аткарбаса, Багдад БУУнун коопсуздук кеңешине даттана турганын эскерткен.

Түрк өкмөтү дүйшөмбү күнү бул маселе боюнча чукул жыйын өткөрдү. Анкарадагы бул жыйындан кийин вице-премьер-министр Нуман Куртулмуш журналисттерге буларды айтты:

- Биз көптөгөн өлкөлөр, анын ичинде Нидерланды, Франция жана Германия бул аймактагы аскер күчтөрүн окутуп, машыгуудан өткөргөнүн билебиз. Анан бул машыгууларга Түркия да салым кошуусу сунушталып, биздин өлкө ал жердеги Ирак аскерлерин терроризмге каршы күрөшкө машыктырып келген. Бирок Ирак өкмөтү анан эле бул маселеде тынчсыздана баштады. Мен Ирак өкмөтү биздин премьер-министрдин катын алган соң позициясын өзгөртөт жана эки өлкө министрлери бул маселе боюнча сүйлөшөт деп эсептейм.

Мосул провинциясында дүрбү салып турган адам
Мосул провинциясында дүрбү салып турган адам

8-декабрда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкара Ирактагы аскерлерин чыгарбай турганын билдирди. Түрк министри бул тууралуу аскерлерди чыгарып кетүү талабы боюнча коюлган мөөнөт өткөндөн бир нече сааттан кийин Ирак тышкы иштер министри Ибрагим ал-Жафари менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө ырастаган. Бирок ал сүйлөшүүнүн мындан башка жыйынтыгы жана Ирак тарап ага кандай жооп бергени азырынча айтыла элек.

Мындан көп өтпөй Ирак менен Түркия ортосундагы бул талашка байланыштуу Орусия тышкы иштер министрлиги да билдирүү жасап жиберди. Анда Түркия Багдаддын макулдугусуз Ирак аймагына аскер жайгаштыруусу айыпталып, бул чыңалууга алып келчү олуттуу фактор экени айтылат.

Башка маалыматтарда жүздөн ашуун түрк аскери Ирактын Мосул шаарына жакын жерге жергиликтүү күрттөрдүн кошуунун окутуп-машыктыруу үчүн барганы, бул программа эки жылдан ашуун убакыттан бери уланып келатканы да айтылууда.

Мосул - Ирактын түндүгүндөгү ири шаарлардын бири. Калааны 2014-жылдын июнунда өзүн “Ислам мамлекети” атаган террордук топ басып алган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG