Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Байден: АКШ Иракты колдойт


Ирак армиясынын курамындагы суннит отряды ИМдин согушчандары менен Байжи мунай ишканасынын жанында салгылашууда. 25-май 2015
Ирак армиясынын курамындагы суннит отряды ИМдин согушчандары менен Байжи мунай ишканасынын жанында салгылашууда. 25-май 2015

АКШнын вице-президенти Ирактын өкмөт башчысына телефон чалып, АКШ Иракты колдойт деп ишендирди. Мунун алдында америкалык генерал ирак армиясын "Ислам мамлекети" тобуна каршы чын дилден күрөшпөй жатат деп сынга алган.

Вице-президент Жо Байден 25-майда Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абадиге телефон чалып, Ирактын аскерлери зор жоготууга учурап жатса да кан майданда баатырдык көрсөтүп жатышканын мактады.

Мунун алдыңкы күнү АКШнын коргонуу катчысы Эштон Картер Ирак күчтөрү Рамади шаарын коргоп кала албагандыгын сынга алган эле.

- Рамадидеги нерсе Ирак күчтөрүнүн согушууга эрки жоктугунан улам болгондой көрүнүп турат. Алар сан жагынан аздык кылган эмес эле. Иш жүзүндө каршы тараптан бир топко көп болчу. Бирок алар уруша албастан, жерди таштап кетишкен. Бул жагдай мага, менимче, биздин баарыбызга эле ирактыктардын “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү, өздөрүн коргоо эркинде мандем бардыгын көргөзүүдө. Биз аларды машыктырабыз, биз аларга курал бере алабыз, бирок, албетте биз аларга күрөшүү эркин бере албайбыз да - деди Картер 24-майда СNN телеканалына сүйлөгөн сөзүндө.

Бул күнү ирак армиясы контрчабуулга өтүп, Рамадиге бараткан жолдогу бир нече шаарларды кайра алган эле.

Хайдар ал-Абади Картердин сөздөрүнө катуу терикти. Анын маалымат катчысы "бүт армияга бир жолку окуянын негизинде баа берген туура эмес" деген билдирүү жасады. Ал эми ал-Абади 25инде ББСге Багдаддан берген маегинде буларга токтолду:

Ирак премьери Хайдар ал-Абади (солдо) менен АКШ вице-президенти Жо Байден
Ирак премьери Хайдар ал-Абади (солдо) менен АКШ вице-президенти Жо Байден

- "Ислам мамлекети" согушкерлери бир кармашта жеңип алышты. Бирок алар жеңүүчү эмес, анткени алар болгону тактикалык согушта жеңишке жетишти. Ал эми кырдаалды былтыркы жайга салыштырсак, биз душмандарга караганда көбүрөөк аймакты көзөмөлдөп турабыз. Алар утканга караганда, көбүрөөк уттурушту. Рамадиде алар бир нукум жерди басып алышты. Ал эми шаардын калган аймактары ансыз деле алардын колунда болчу.

Ак үй ал-Абади менен элдешиш керектигин моюнга алууда. Анткени президент Обама аны менен жакын мамиле түзүүгө далалаттанып келет.

АКШ өкмөтүнүн атын атагысы келбеген улук өкүлү Ирак армиясы Рамадиден кырчылдаган согуштан кийин чыкканын белгилеп, согушкулары келбейт деген сөз бир гана Рамадига тийешелүү айтылган деп ырастады.

Ал эми Жо Байден Ирактын кошумча аскер топтоо ниетине колдоо билдирди. "АКШ Ирактын ушул жана башка аракеттерине колдойт" деп айтылды Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Рамади боюнча кызуу талкууга үн кошуп, Иран АКШнын короосуна таш ыргытты. Ирандык генерал, өлкөнүн төңкөрүшчүл гвардиясынын атайын кудс күчтөрүнүн башчысы Кассим Солеймани америкалык аскерлерди "Рамадиден бир нече чакырым аралыкта турса да, ирак аскерлерине жардамга келген жок" деп айыптады.

Рамадиден качып чыккан тургундар. 22-май, 2015-жыл
Рамадиден качып чыккан тургундар. 22-май, 2015-жыл

"Ислам мамлекети" согушкерлери менен кимдин согушкусу келбей тургандыгын ушундан эле билсе болот" деген Солейманинин сөздөрүн Ирандын "Мехр" кабарлар агенттиги таркатты.

Иракта азыр 3 миң америкалык аскер турат. Алардын 2200дөн ашыгы Ирактын коопсуздук күчтөрүнө жабдуу, машыктыруу, кеп-кеңеш берүү жана миссияларды колдоо иштери менен жардам көрсөтөт.

Ак үй Картердин сөздөрүнөн өзүн обочологусу келип жаткан менен, дагы бир америкалык генерал, Башкы штабдын жетекчиси Мартин Демпси өткөн аптада эле ирактык аскерлер Рамадиден өздөрү эле чыгып кетти деп айткан.

Багдад өлкөнүн батышындагы Анбар дубанындагы жерлерди кайра алуу үчүн контрчабуулга өтүү планын жарыялаган. 24-майдагы ирак аскерлери, Иран колдогон шийит согушкерлери жана жергиликтүү сунни күчтөрү биргеликте Рамадиден 20 чакырым аралыктагы ал-Таш шаарынын айрым бөлүктөрүн бошотушту.

Ошол эле мезгилде Рамадиден түндүк батыштагы Багдади шаарчасынын чет-жакасында миналар коюлду. Бирок "Ислам мамлекетинин" согушкерлери Багдадиге чабуул жасап, жанкечтилердин жардамы менен жети машинаны жардырышты.

XS
SM
MD
LG