Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

"Ислам мамлекети" эки уулунан ажыраткан ата-эне


Сирияда согушуп жүргөн тажик жарандары
Сирияда согушуп жүргөн тажик жарандары

Жакынкы Чыгыштагы куралдуу согуштарда Тажикстандын 300 жараны набыт болду, алардын 36сы студенттер. Өткөн жылы 147 тажик жараны өз мекенине кайтып келген. 780 кишиге издөө жарыяланган.

Мындай маалыматты 27-майда Душанбеде өткөн Жаштардын республикалык кеңешинде президент Эмомали Рахмон айтып, студенттер жергиликтүү жана чет жердеги окуу жайларда билим алып жүргөндө ар кандай жолдор менен экстремисттик топтордун катарына кошулуп кеткенин кошумчалады.

Шамсимад Назаров менен Сабзамох Миралиеванын бир уулу Сирияга кетип дайынсыз жоголсо, экинчиси Сирияга камынып жатканда кармалып, он жылга эркинен ажыратылган.

Шохин районуна караштуу Хожагалтон айылынын 53 жаштагы тургуну Сабзамох Миралиева уулдары Сирияга согушкан кеткен Тажикстандагы ондогон энелердей эле өз башынан кечирип жаткан окуяларга ишенгиси келбейт. Анын улуу баласы Сирияда дайынсыз жоголсо, кичүүсү Сирияга бараткан жеринен кармалган.

Сабзамохтун улуу баласы Амрияздон Назаров 1990-жылы, кичүүсү Алимардон 1992-жылы туулган. Уулдарына бел байлап жүргөн Сабзамох учурда жашоосунун мааниси жоголгонун айтат.

- 1990-жылкы уулум сегиз жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. 2008-жылы мектепти аяктап, Бажы адистиги боюнча жогорку окуу жайга тапшырган. Контракттык бөлүмдө окуп жаткан. Жакшы окучу. Жылына 400 доллар окуу акысын төлөй албай, Орусияга иштеп келгени кеткен, - дейт көз жашын токтото албаган Сабзамох.

Амриядзон 2014-жылы ата-энесине телефондон Германияга иштегени кетип жатканын айткан. Бир нече айдан кийин Коопсуздук комитетинин өкүлдөрү Сабзамохтун үйүнө келип, уулу Сирияга кеткенин билдиришкен.

Ал эми Куляб мамлекеттик университетин аяктаган экинчи уулу 2015-жылы Истаравшанда кармалган. Атайын кызматтар ал Сирияга кетүүнү көздөп жүргөнү аныкталганын билдиришкен. Өткөн жылдын соңунда Согди облустук соту Алимардон Назаровду 10 жылга эркинен ажыраткан.

Оор улутунган Сабзамох улуу баласынын Германияда жүргөнүнө, ал эми кичүүсүнүн күнөөсүздүгүнө ишенгиси келип, үмүтүн үзбөйт. Балдардын атасы Шамсимад Назаров уулдарынын тагдыры жөнүндө көп ойлонорун, улгайып калган ата-энесин таштап мындай жолго түшүүгө эмне түрткү болгонун аңдай албай турганын айтып, улутуна кетмени менен жер чукулайт.

Сабзамох күйөөсү экөө тең иштешпейт, пенсия да алышпайт. Бир уулу Сирияда дайынсыз жоголуп, экинчиси камакка алынгандан кийин бийликтен пенсия талап кылуудан да жазганышат. Атургай кошуналарынын суроолорунан качып, айыл-апа менен да катташпай калышкан.

Шамсимад жазында тоодон дары чөптөрдү жыйнап сатат. Аны менен бирге жер иштетип, мөмө багын карашат. Ушул тапта Сабзамох менен Шамсимад акча чогулутуп, Согдиге барып уулу Алимардонду көрүп келүүгө камынышууда.

27-майда Душанбеде өткөн Жаштардын республикалык кеңешинде президент Эмомали Рахмон 300дөй тажик жараны экстремисттик уюмдардын, анын ичинде “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарында согушуп жүргөн жеринен набыт болгонун билдирди. Алардын 36сы студенттер. Рахмон согушта өлгөн студенттер жергиликтүү жана чет өлкөдөгү окуу жайларда билим алып жүрүп, ар кандай жолдор менен Сирия менен Иракка кетишкенин айтты. Ошондой эле президент ушул тапта чет өлкөлөрдө мыйзамсыз окуп жаткан 370 студентке камтамасын билдирди.

Тажикстандын башкы прокурору Рахмон Юсуф экстремисттик топтордун катарында 1094 тажик жараны согушуп жүргөнүн маалымдаган.

Өткөн жылы 147 тажик жараны өз мекенине кайтып келген. 780 кишиге издөө жарыяланган. 31 киши “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулууга баратканда кармалса, анын катарындагы 166 тажик жаранына кылмыш иштери козголгон.

XS
SM
MD
LG