Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

"Индеецтерге мечит куруп беребиз"


Августта интернетке чыккан видеодо бул адам өзүн Абу Хулоди Кулоби деп тааныштырган
Августта интернетке чыккан видеодо бул адам өзүн Абу Хулоди Кулоби деп тааныштырган

Сириядагы “Ислам мамлекети” радикалдык тобунун катарында согушуп жүрөм деген тажик жараны "Азаттыктын" тажик кызматына курган маегинде, дүйнө жүзүнө, Американын түпкүлүктүү калкына чейин исламды кабылдатып, аларга борбор азиялыктардын топусун кийгизем деген кыялы менен бөлүшкөн.

Өзүн Нусрат Назаров деп тааныштырган 38 жаштагы согушкер буга чейин социалдык тармактарда жайылган видеолорунда “Махсуми Нусрат” жана “Абу Холиди Кулоби” деген ысымдар менен чыгып жүргөнү маалым болду. Август айында интернетте пайда болгон тасмада ал өзүн Абу Холиди Кулоби деп тааныштырган.

Назаров Тажикстандын Куляб районунун Чармаргон айылынан Сирияга эки жыл мурда кеткен. "Азаттыктын" кабарчысына ал учурда “Ислам мамлекети” радикалдык тобу өз аймагынын борбору деп атап алган Сириянын Ракка шаарынын чет жакасында жашарын айтты.

Нусрат Сирияга Түркия аркылуу кеткенин жана ага чейин Москвада иштеп жүргөнүн баяндайт:

- Бул жалгыз жол эмес. Бир туугандарыбыздын бизге кошулуусунун башка дагы ондогон жолдору бар. Эгер Түркия өз жолдорун жапса, Йемен жана башка өлкөлөр бар, - деген Назаров башында "Ал-Каиданын" Сириядагы филиалы “Ал-Нусранын” катарында согушуп жүргөнүн, "алардын Батыш менен кызматташаарын" укканда чыгып кеткенин айтат.

Нусрат 1990-жылдары эле "жихадчы болом" деген ниетте бала кезинен ислам негиздерин окуп жүргөн. Анын айтканына караганда, 90-жылдары Душанбенин борбордук аянтында шарият тууралуу элге баян куруп берчү экен.

“Биз жөнүндө ар кимиңер ар нерсени эле айтып жатасыңар. Бизди акчага келген дейсиңер. Ким бизге акча бермек эле? Мен бул жакка бирөө мажбурлап эмес, чыныгы мусулман катары келдим. Мен дин үчүн келдим, акчага азгырылган жокмун” - деген Назаров эмне максат менен согуш талаасын аралап жүргөнүн "Азаттыктын" кабарчысына түшүндүрмөкчү болот.

Сирияда согушкан борбор азиялыктар
Сирияда согушкан борбор азиялыктар

"Бул жерде жүргөндөрдү карасаңар Тажикстанда эле жүргөндөй болосуңар. Эми азыр жүрүп жаткан иштер улана берсе, Тажикстанда киши деле калбайт, баары бизге кошулат", - дейт жихадчы.

Ал “Ислам мамлекетинин” согушкерлеринин катарында эки миңдей тажик согушуп жүргөнүн жана алардын 500гө жакыны тиги дүйнөгө аттанганын шерденүү менен сүйлөп берген.

Буга чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети берген соңку маалыматтарда Сирия менен Ирактын согуш талааларында 300дөй тажик жүргөнү, алардын 50сү каза тапканы маалым болгон.

Назаров шариат мыйзамдарын бүткүл дүйнөгө жайылтуу менен дүйнө калкын халифатка баш ийдирүү пландалып жатканын кеп кылып, “Керек болсо Американын түпкүлүктүү калкы - индеецтер да шариат менен жашап калышат. Биз аларга өз топубузду кийгизип, мечит куруп берип, бирге Аллахтын амирине баш ийип жашайбыз” - деп кыялданат.

Ошол эле маалда кыялкеч жихадчы Сирияга согушка жөнөп жаткан жарандарга каршы сүйлөп жаткан диниятчылардын көзүн тазалоо керек деп да коркутат. Кайра туруп Тажикстанда шариатты согушсуз жайылтууну эңсерин айткан Назаров аялын да Сирияга чакырганын, бирок жубайы балдары менен баш тартканын козгойт.

Нусрат агасы Хайрулло Назаровдун аны кайра үйгө чакырган видеокайрылуусун көргөнүн, агасы буга бийликтин буйругу менен барганын айтты:

- Мен анын сөздөрүн уктум. Анын айтканы тажик өкмөтүнүн сөзүнө үндөш. Андан көрө менин аялымды өз жайына коюшса боло, эми анын кесепети бийликтегилерге тийет.

Ушул айдын башында тажик журналист аны Назаров телефон аркылуу коркутканын айтып чыккан. Тажикстандын түштүгүндө элге тараган көз карандысыз “Пайк” гезитинин башкы редактору Ибрагим Ахмадга 6 - январдын кечинде өзүн Махсума Мусратмын деген бирөө телефон чалып, Сирияда согушуп жүргөнүн айткан.

Телефон чалган бейтааныш согушкерлер тууралуу гезитке чыккан айрым материалдар можахеддердин беделине доо кетирип жатканын, макаланын авторлорун жок кылып коерун эскерткен.

Халифат тууралуу куру кыялга баткан жихадчы Назаровдун мекениндеги агасы Хайрулло болсо "Кулябдан эч кимди өз катарына тарта алган жок. Анын болгон жакын кишиси менмин. Ал үйдө жүргөндө 20 жыл такси айдаган. Эми анын үч баласын мен багып жатам. Кантип мээси ордундагы адам балдарын таштап, согушка кетсин?" - деген. Ал Сириядагы инисинин коркутуп-үркүтүүлөрүн эч ким чындап назарына албаганын да айтат.

XS
SM
MD
LG