Израилдин жарандыгын алган Александр Ронкин 1956-жылы Фрунзе шаарында туулган. Москвадагы мамлекеттик маданият институтун аяктаган соң Кыргызстандын Мамлекеттик телерадио комитетинде иштеген. 90-жылдардын башында Израилге көчүп кеткен.
Эмне үчүн «Ачуулуу кыргыз»?
Автордук берүүсүн ушундай атаган Александр өмүрүнүн бир топ мезгилин өткөргөн мурдагы мекени, андагы дос-жакындары менен байланышты үзбөй кармап калгысы келген. Анын чоң ата-чоң энеси согуштун каарынан корголоп, күнөстүү Кыргызстанга келип орун-очок алышат. Тоолуу өлкөдө ата-энесинин гүлдөгөн жаштык курагы өтүп, Александр кыргыз жеринде туулуп-өскөн.
«Ачуулуу кыргыз» - бууракандаган, өзүнө өзү ишенген, бирөөнүн алдында ийилбеген, эркин дегенди билдирет. “Борбор Азияда кыргыз эли бирөөнүн көзүн карабаган, өз күчүнө ишенген жана сөздүн жакшы маанисинде ачуулуу эл. Чындыгында Кыргызстан аймактагы эң демократиялуу өлкө, эч бир тиран бийликте көпкө кармалып тура алган жок. Мына «Ачуулуу кыргыз» деген ушул”,- деп сыпаттаган Александр кыргыздын менталитетин жакшы билет, көп дос күткөн.
"Калпак турганда калп айтууга болбойт"
Александр өз берүүлөрүндө кыргыз калпакты алып чыгат. «Кээде калпакты кийип алсам, кээде «Гарри Поттердеги» Хогвартстын калпагындай үстөлдүн үстүнө коюп коём. Бул калпак турган жерде калп айтууга болбойт деген маани берет. "Мына программа башталды дейли. Мен калпакты студияга коюп, бул сыйкырдуу нерсе, эгер менин маектештерим калп айтса дароо билип коёт", – деп түшүндүрөм дейт өз табышкерлигине ыраазы болгон Александр.
«Ачуулуу кыргыз» - Израилде гана эмес башка өлкөлөрдө дагы популярдуу. Жакында өткөн эл аралык форумда аны көргөндөр «Ачуулуу кыргыз, ачуулуу кыргыз!» деп суктана карашканын айтып отурду. «Эми менден эмне үчүн ачуулуу кыргыз деп сурабай деле калышты. Элдер таанып калышты, башкача айтканда, өзүнчө брендге айланды. Кыргыз деген сөздүн айтылып турганына бир жагынан курсант болсом, экинчи жагынан ишиме пайдасы тиет. Кесиптештерим Кыргызстан тууралуу бир нерсе угуп же көрүп калышса дароо мага кабарлашат».
Александрдын ток-шоу форматындагы берүүсүнө катышкандар өз ой-пикирин кенен-кесири билдирет. Эки киши катышкан берүү студияда, же башка жерлерде тартылат, скайп байланышы менен баарлашууга чыкса болот. «Ачуулуу кыргызда» чектөө жок. Александр Ронкин ИТОН-ТВда иштеп, аны жетектеп турганда популярдуу программасы дагы улана берерине ишенет.
Кыргызстан жөнүндө
Александр Ронкин Израилге 1993-жылы көчүп кеткен. Андан бери 20 жылдын жүзү болсо дагы Бишкектеги жашоосу ийне-жибине чейин эсинде. Кыргыз телевидениесинде 1976-жылдан тарта иштеп, балдар жана жаштар программаларынын башкы режиссеруна чейин көтөрүлгөн кызмат жолундагы бардык кесиптештери, достору түгөл эсинде.
Кыргызстандын табиятына суктанган маектешибиз, адамдардын меймандостугун жогору баалайт «Бир нече жолу Кыргызстанга конокко келдим, келген сайын досторум жадырап-жайнап тосуп алат. Бир жолу келгенимде кооз чапан жаап, калпак кийгизишти, аларды эми программада колдонуп жүрөм. Соңку жолу 2005-жылы Акаевдин тушунда келдим эле, анда Майрам Дүйшөновна бизди кабыл алган".
Андан бери Кыргызстанда көп нерсе өзгөргөнүнө күбө болгон Александр Ронкин анын жан дүйнөсүнө жакын нерселер, баягы достук, чын пейилден чыккан мамиле менен жылуулук сезилбей баратканына өкүнөт:
- Маселе Кыргызстанда же Бишкекте эмес, өлкө өзгөрүптүр, адамдардын ортосундагы жылуу мамиле өзгөрүптүр, балким дүйнө жүзү өзгөрдү, балким биздин жашыбызга жаш кошулуп, дүйнөгө башкача карап жаткандырбыз. Ал эми жакын досторуң менен чай үстүндө отурганда тээ мурункудай, эч нерсе өзгөрбөй, бардыгы баягыдай калганын сезе баштайсың. Эң башкысы жакын адамдар өзгөрбөйт, бул эң маанилүү. Биз кайда болбойлу, өзүбүз туулган жерди эстен чыгарбайбыз, ал алыста калган адамдар эмеспи.
Израилдин айрылган желеги жөнүндө
Августтун башында Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир маалымат жыйынында Газа тилкесиндеги окуяларга байланыштуу Израилдин желегин айрыды. Биздин маектешибиз Александр Ронкин депутат канчалык кыжырданып турса дагы мындай кадам мамлекеттик аткаминер үчүн кечиримсиз иш деген пикирде:
- Эми адамдын көз карашы ар кандай болушу мүмкүн. Бирок цивилизациялуу коомдо жашагандан кийин адам өзүн цивилизациялуу алып жүрүүсү абзел. Өз ой-пикирин билдирүүнүн көптөгөн башка жолдору бар. Эгер Тель-Авивде же Иерусалимде бир нече радикал еврей Кыргызстандын желегин айрып же өрттөсө, өлкөсүнүн саясаты кандай болсо дагы кыргыздарга жакмак эмес. Эгер Израилде ушул сыяктуу окуя болсо Кыргызстандын, Палестинанын же Сауд Аравиянын желеги болбосун полиция аралашып, аны кылган киши жоопко тартылмак. Укуктук мамлекетте жарандар өз ой-пикирин ээн-эркин билдирет, ошол эле маалда мыйзамдын жана таалим-тарбиянын чегинде жашайт.
Александр Ронкин Кыргызстан кандай жол менен өнүксө туура болорун алыста туруп айта албастыгын, ага укугу жоктугун белгилейт. Албетте, маектешибиз Кыргызстанды светтик, улуттук жана диний белгилерден жогору турган адамзаттын баалуулуктарын туу туткан өлкө катары көргүсү келет.