Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Стамбулда 15 түркмөн жараны аракка ууланып өлгөнү кабарланды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Түрк медиасы кабарлагандай, кеминде 15тей түркмөн мигранты жасалма спирт ичимдигине ууланып каза болду. Алтымыштай адам оор абалда ооруканага жеткирилди. Hurriyet басылмасы өлгөндөрдүн саны жыйырмага жеткенин жазды.

Мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктерди сатканы үчүн полиция он бир адамды кармаганы кабарланды. Алардын жанынан жасалма арак жана каттоодон өткөрүлбөгөн курал-жарак табылган.

Ысымын ачык айтууну каалабаган түркмөнстандыктын «Азаттык» радиосуна билдиргенине караганда, каза тапкандардын сөөгүн мекенге жеткирүүдө бюрократиялык тоскоолдуктар жаралып жатат. Ошондой эле анын айтымында буга коронавирустан улам эки өлкө ортосундагы каттамдардын токтогону да кошумча маселе жаратты.

XS
SM
MD
LG