Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:55

ЖАНЫБЕК КАЗЫ ЖӨНҮНДӨ ТАРЫХЫЙ ЧЫНДЫК ОРДУНА КЕЛЕБИ?


2-макала

Туулган жерди сагынган кусалыгы Жаныбек казынын жүрөгүндө муштум болуп түйүлүп, сөөгү менен көмүлүптүр. Сагынбай уулу Жаныбек казы туулган жери Кыргызстан жөнүндө басса-турса айтып, тилек-үмүт, керээзин кагаз-калеми жок балдарына куйма кулак кылып кеткениненби, 1991-жылы Кыргызстан көз карандысыздыгын алды деген кабарды уккан 82 жаш курактагы Маматураим Жаныбек уулу, жол азабы-көр азабы дегенге карабай Кыргызстанды көздөй бой урат.

Тууган-уруктары, кала берсе Мюнхен, Сауд Арабия, Кытай, Англия, Түркияга чейин чилдей тараган Жаныбек казынын урпактары жарым кылым дегенде туулган жери менен учурашкан.

Кыргыз-өзбек улуттарынын ортосундагы тополоң болуп турганда Өзгөнгө келиши ортодо көпүрө сыяктуу эле болгонсуган. Анткени, Жаныбек казынын экинчи аялы өзбек улутунан болгон. Мындай айтканда Маматураим аксакал кыргызга тууган, өзбекке жээн болуп, эл арасындагы карсылдашкан жараканы басканга салымы болбой койгон жок.

Эң өкүнүчтүүсү карылыгы жетип, улгайып калганда элине келиши атасы Жаныбек казынын: “Кыргызстанга жол ачылган күн келет, сен барасың Маматураим, Ата-журтун сагынган да менче болот, кусалыктан кор болгон да менче болот” деген керезин аткарганы кудай берди болуп, эми Пакистанда калган бала-чака, туугандарын Кыргызстанга көчүрүп келем деген үмүтү акталбай, такыя алмашкандай тез-тез алмашкан кыргыз өкмөтүнөн ачык жооп алалбай, ажалым жетсе деп көтөрө келген ак кепинин көтөртүп, тагдыр аны кайра Пакистанга кайтарган. Бул 1995-жылдар болчу.

Жаныбек уулу Маматураимдин жалооруган көздөрү, кыялбаган Ата-журтун чындап калтырып кетүүгө аргасыз болгондогу арыз-арманын айтса ат көтөргүс, күчтүү болсо жер көтөргүс эле. Кыргыз бийлиги аны жайгаштыра албады. Жергиликтүү бийлик маани бергенге чарк-чамасы жетпеди. Бир ууч топурак алып кетем деп келгендеги сөзүн, эстегенге дарамети жетпеди. Кантсе да тирүү тарых болуп берди. Кетеринде бала кезинде көргөн тууган-туушкандарынын аттарын эсине салып, өткөн-кеткен маркумдарга куран окуп, айткан кептери үн тасмага тартылган эле:

- «Эки жолу Кыргызстанга келдим. Адеп атамды ээрчип кеткенде 12 жашар бала экем. Эми атамдын айтканы келип, Ата-журтум менен учурашып, атамдын баскан турган жерлерин көзүмө сүртүп, билген-көргөндөрүмдү төкпөй-чачпай айтып бердим. Кыргызстанда калып өлсөм деп келдим эле. Тагдыр койбоду. Айлам канча үмүт деген үмүт да, Пакистанга барып бала-чака, туугандар менен масилет куруп, сүйлөшүп көрөм. Кыргызстанга келем дегендерин алып кайтып келем деп кетип баратам”.




Сүрөттө: Жаныбек казынын уулу Маматураим белгилүү коомдук ишмер С. Жигитов, «Азаттыктын» кабарчылары Жаркын Темирбаева, тарыхчы Кыяз Молдокасымов жана башка адамдар менен вице-президент Ф. Куловдун кабыл алуусунда. 1993-жыл.


Угушубузда Пакистанга барып тууган-туушкандарын чогултуп, Кыргызстанга кайтуу боюнча көтөргөн демилгесин, ал жерге көнүп калган муун биротоло өчүрдү белем, Маматураим аксакалдын жүрөгү ошол саатта, ошол мүнөттө токтоптур.

Пакистандын Гилгит шаарында турган, окуп-чокуп калышкан туугандарына Кыргызстандан көтөрүп барган ой-максаты колдоо таппаган соң тагдырдын жазмышы менен ошол Гилгит шаарында көз жумат.

Маркум Маматураим аксакал калыссыздык заманды бир кылымдан кийин да көзү менен көрүп, атасынын тагдырын кайталады. Токсонго чамалап калган карыянын кирпигине илинген бир тамчы жаш төгүлүп-төгүлалбай кетти.

Өмүр-таржымал демекчи Жаныбек казынын өмүрү -тарыхый, бай окуяларга жык толгон. “Элчилеп тынч эле жашаса болот” эле деген пикирлер кезинде өз элинде, тууган-уруктар арасында көп айтылган.

Кеп ошол тынч отура бербегенинде болуп жатпайбы. Эл кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору койгон инсандар кыргыз тарыхынын уучунда көп эле. Демек эгемендүү кыргыз элинин тарыхында эркиндик үчүн көтөрүлгөн элдик кыймылдардын саны да арбын. Басмачылар кыймылы боюнча советтик доордун тарых наамасында таптык теорияга негизделген, бир бетпей пикирлер, убагында элди эки анжы ойдун туткунунда калтырган.

Басмачылар кыймылы таптык тарыхнааманын өкүлдөрү тарабынан түрктөшүүгө жана исламдашууга чүмбөттөлгөн реакциячыл жана регрессивдүү кыймыл катары сүрөттөлүп келген. Коңшу мамлекеттердеги концепцияга караганда Кыргызстанда улуттук-боштондук кыймылында Оруссиядан бөлүнүү маселеси көтөрүлгөн эмес.

Кыргыздардын бул кыймылга катышуусун негизинен падыша өкмөтүнүн агрардык саясатындагы жер маселеси болгондугун бир топ архивдик документтер ырастайт. Айрым тарыхчылар болсо Фергана өрөөнүндөгү басмачылык кыймылдын биринчи баскычы 1917-1920-жылдары антиколониялык мүнөздө башталып, таптык белгилери менен калктын түрдүү социалдык катмарларын камтыган элдик кыймыл деп жыйынтыкташат.

Айрым жаңы заман, эски заманды калчаган окумуштуулар болсо: “ошол кездеги бийлик башындагылар элге чыныгы камкордук көрө турган болсо, элден тартып алган байлыктардын үлүшүн ээсине калтырып, жаңы заманда кандай жашоонун жол-жобосун үйрөтүп, эгерде ага болбой чийинден чыкса, анан кулакка тартып, айдап камаса болбойт беле?. “Бөрк ал десе баш кесип, кат-сабаты жок карапайым көчмөн элдин жүрөгүнүн үшүн алып, эң катуу жаза колдонгон кеңеш өкмөтүнүн жаңылыштыгы ушул “ деп эсептеп келишет.

ГПУчулар түзгөн кыскача өмүр баянында: “ Жаныбек Сагынбай уулу, 1869-жылы туулган, басыз уруусунун кашка уругунан чыккан бай-манап, октябрь төңкөрүшүнө чейин Түркстан крайынын Ош уезди, Фергана облусундагы Ак-Жар волосунун башкаруучусу, ошол эле мезгилде шарияттын сот, (казы) милдетин аткарган” деп маалымдашкан.

Жаныбек казы тууралуу Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылыч” романындагы акыркы бөлүгүндөгү “Таймашуу” деген тема менен бүтүргөн. Жаныбек казы Совет өкмөтүн жериген каарман катары сүрөттөлгөн. Жазуучу ал табылгаларды Кыргыз улуттук коопсуздук кызматынын архивинен алып, ошол кездеги ГПУчулардын пикири боюнча окурмандарга сунуш эткен экен:

- Жаныбек казыны туура эмес эле жамандап, КГБга берип тургандар болгон. КГБ андайды жаздырып алып да турган...

Жазуучунун айтымында ар бир мезгил кырдаалы бири-бирине окшобойт экен. Азыркыдай көргөндү көргөңдөй, укканды уккандай
жазсаң кана эле дейт:

- Тарыхта ошо улуттук-боштондук күрөшкө СССР жоюлгандан кийин өзүнчө эл болуп, журт болууга аракет кылган күч башкача айтканда топ, эч убакта жол бербей, “толугу менен Түркстанга эркиндик берилсин” деген да. Өзүнчө мамлекет кылып түзөбүз деген. Ленин өлгөн, бир жылдан кийин эле саясаты башка болуп кетип эле, анан Түркстандын жакшы кишилерин кубалай баштаган. Жаныбек казы тууралуу иликтеш керек. Инсан таануу үчүн көп эмгек керек. Балким мен кайрылып, башкадан жазып чыгармын..


Сүрөттө: Жаныбек казынын уулу Маматураим жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен. 1993-жыл.




Төлөгөн Касымбеков расмий документтерге таянып жазып, Жаныбек казынын ошол кездеги совет бийлигине тике айткан каяшаларын, анын көкүрөк кыйкырыгын сүрөттөп кеткен. Жаныбек казынын дагы бир касиети, бул кыргыз, өзбек элинин бир туугандай, ынтымактуулукта жашоосуна өбөлгө түзгөндүгүндө. Казычылык, соттук милдетти аткарып жүргөн кезинде, эки элдин ортосундагы мамиленин жигин чыгарбай, бир улуттун калкындай кадырлашып, сыйлашып жүрүүсүн камсыз кылган.

Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев көп мезгил бою эл-жеринен алыс жүрүп өмүр кечирген, улуу, белгилүү инсандардын атын атап, аларды коомчулукка таанытып коюуну эл-журт алдындагы парз деп билет.

- Басмачылык деп атпайбы ал доорду. Ошондо чыккан Жаныбек казыны совет бийлиги такыр кармай албай койгон. Карматтырган эмес да. Эл ушунчалык сыйлаган, кадырлаган бу кишини. Кийин ал:” мен эми саясый иштерге кийлигишпейм” деп жарыялаган экен. Эч кимге тийишпейм десе да болбой, совет бийлиги куугунтуктагандан кийин чет өлкөгө кетип калган да. Эл-жер деп жашаган кишинин сөөгү жерине, өзүнүн Ата-Мекенине коюлбай калганы, бул армандуу дүйнө деген ушундай экен да. Баягы, күнүмдүк атак-даңк үчүн жашабаган, эл кызыкчылыгында жашагандыктан, Азамат Алтай бул киши жөнүндө өтө терең, көп нерсе билалбаса дагы, абдан кадырлачу, – дейт Бексултан Жакиев.

Жаркын Темирбаева, Бишкек
XS
SM
MD
LG