28-ноябрда Жапониянын мурдагы премьер-министри Ясухиро Накасоне 101 жашта көз жумду. Өкмөттү 1982-87-жылдары башкарган премьер-министр СССРге каршы туруш үчүн АКШ менен бекем аскердик альянс түзүүнү жактаган саясатчы катары таанылган. Үч жолу Советтер Союзуна келип кеткен.
1982-жылы кызматына киришип жаткан учурунда Накасоне «Жапония Европа менен Кошмо Штаттардын жетектөөсүндөгү эркин дүйнөнүн бир бөлүгү болууну көздөйт» дегени бар.
1989-жылы финансылык көз боёмочулукка тиешеси бар деп айыпталып, Либерал-демократиялык партиядан чыгууга аргасыз болгон. Бирок эки жылдан кийин кеңешчи болуп кайра кайтып барган.