Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Жапония: Ясукуниге сапар нааразылык жаратты


Жапон депутаттары Ясукуни ибадатканасында. август, 2013-жыл
Жапон депутаттары Ясукуни ибадатканасында. август, 2013-жыл

Жапониянын өкмөт башчысынын ар кыл согуштарда курман болгон жоокерлердин арбактарына сыйынуучу мемориалга барышы эл аралык резонанс жаратты.

Биринчи кезекте Сеул менен Бээжин Синдзо Абэнин Ясукуниге визитин айыптаган билдирүүлөрдү жасашты.

26-декабрда Кытай Жапониянын ал өлкөдөгү элчисин чакыртып, премьер-министрдин Ясукуни ибадатканасына зыярат жасашына нааразылыгын билдирди.

Күмбөз 2 жарым миллиондой жоокер, анын ичинде Экинчи Дүйнөлүк согуштагы кылмыштар үчүн айыпталган офицерлердин элесине арналып салынган. Мемориалдык тактада “император жана улуу Жапония үчүн жанын аябаган аскерлерге” деген жазууну көрсө болот. Кытайдын тышкы иштер министри Ванг И буларды айтты:

- Премьер-министр Синзо Абэ тарых агымына каршы багыт алып, согуш кылмышкерлери коюлган Ясукуни күмбөзүнө барды. Бул – эл аралык деңгээлде талаш жаратуучу ачык провокация, адамдын ар-намысын ырайымсыз тепселеген окуя. Кытай өкмөтүнүн атынан Жапонияга нааразылык билдирдим. Премьер Абэнин жоругун катуу айыптайбыз.

Согуш учурунда Жапония тарабынан оккупацияланган Түштүк Корея өкмөтүнүн маалымат катчысы Жу Ри-лян Сеул ачуусун жашыра албайт деп билдирди:

- Кошуна өлкөлөр жана эл аралык коомчулуктун камтамасына жана эскертүүлөрүнө карабай, Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ 26-декабрда тарыхый оторчулук менен баскынчылыкты даңктаган Ясукуни күмбөзүнө зыярат жасады. Биз ал визитке байланыштуу өкүнүчүбүздү жана нааразылыгыбызды билдиребиз.

Токионун салттуу өнөктөшү Вашингтон да сын сөздөрдөн кармана алган жок. АКШнын Жапониядагы элчилиги “Жапониянын коңшулары менен чыңалууга май тамызган кадамга” байланыштуу өкүнүчүн билдирди.

Жапония кабинетинин катчысы Йошихиде Суга Токиодогу пресс-конференцияда билдирүүнү комментарийлеп, буларды айтты:

- Биз элчилик премьер-министр Синдзо Абэнин чыныгы ниетин жакшы түшүнүшкөн жок деп ойлойбуз. Премьердин зыяратынын максатын чечмелөөнү уланта беребиз.

Жапониянын расмий адамдары ал сыйынуучу жайга барган сайын Азия өлкөлөрү терс реакциясын билдирип, муну милитаризмдин көрүнүшү катары сыпатташат.

2006-жылдан бери кызматтагы өкмөт башчылар ал талаштуу жайга визит жасай элек эле. Ясукуни ибадатканасында акыркы жолу Юничиро Коидзуми болгон.

Абэ мемориалга барган кезинде “согушсуз доор куруу” тилегин айтып, бул сапар менен “Түштүк Корея жана Кытай жашоочуларынын сезимдерине акаарат келтиргиси келбегенин” белгиледи. Бир нече күн мурун болсо храмга өкмөт башчынын орун басары жана финансы министри барып, изаат көрсөтүшкөн.

Сентябрдын этегинде Түштүк Кореянын жараны күмбөзгө өрт коюуга аракеттенген жеринен кармалган. Ал жапон саясатчылардын ал жерге зыярат жасашына чекит коюуну каалаганын айткан.

Абэнин Ясукуниге сапары сынга кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

XS
SM
MD
LG