Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Оштун жаңы губернатору болуп Жарасул Абдураимов дайындалды


Жарасул Абдураимов.
Жарасул Абдураимов.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жарасул Абдураимов дайындалды. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош облусундагы өкмөттүн өкүлү эки ай мурун эле жаңы дайындалган болчу. Бул ири облусту жети жылдан бери биринчи орун басар болуп иштеп келген Байыш Юсупов жетектей баштаган.

Юсупов Кара-Суу районунун акими болуп беш жыл жана бир нече жыл пахта тармагындагы ишканаларда эмгектенген.

Байыш Юсуповго чейин Узарбек Жылкыбаев президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Ысык-Көлдөн Ошко 2018-жылы облус башчы болуп дайындалган. Ал парламенттик шайлоого катышуу үчүн 8-августта кызматын тапшырып берген.

Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда Ош облусунун Алай районунун борбору Гүлчөдө туулган. Буга чейин ал ишкер, «Ишеним» партиясынын саясий кеңешинин төрагасы, Нанотехнологиялар институтунун башчысы, Футзал федерациясынын президенти, өкмөттү реформалоо боюнча атаандаш долбоордун автору катары да маалым. (DU)

XS
SM
MD
LG