Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда башталып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган. Ага Жер шарынын 80% ашуун калкы, 62 өлкө катышкан. Майдан Европа менен Азия, Африкада, баш-аягы жок мелмилдеп жаткан дүйнөлүк океанда жүргөн.
Жаштыгы согуш талаасында калган жоокер
СССР 26 миллион калкынан ажыраган. Бул согушта адамзат ядролук бомба алааматын көрдү. Уруш учурунда дос өлкөлөр социалисттик жана капиталисттик деп экиге ажырап, бирин экинчиси душман санап, “кансыз согуш” жарыяланган.
Жеңишке 75 жыл: Жоокерлердин аты өчпөйт
Шаабай Шатманов окууну аяктап, бир жыл мугалим болуп иштегенден кийин 1939-жылы аскерге чакырылат. Андан ары согуш башталып, жаштыгынын жети жылы согушта өткөн.Согуш учурунда Түндүк Кавказда согушуп, Новороссийскини, Беларусту, Польшаны бошотууга катышып, Германияга чейин барган. 1946-жылы үйүнө кайткан. Согуштагы эрдиги үчүн "Кызыл жылдыз", "Кызы Туу" ордени, Улуу Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени менен сыйланган. Согуштан кийин мугалим болуп иштеген, журналисттик кесипти аркалаган. 1987-жылы "Жоокердин жолу" деген китеби жарык көргөн.
"Үй-бүлөдө үч бир тууган элек. Агам 1941-жылы согушка кеткен. Ошол бойдон кайткан жок. Үч жаштагы иним ооруп чарчап калды. Атамды 1942-жылы алып кетишти. Ал Украинада согушуп жатканда мина жарылып каза болуптур", - деп эскерет ардагер "Азаттыкка" 2019-жылы берген маегинде.
Хатипа Сафина 2019-жылы "Азаттыкка" берген маегинде согуш бүткөнүн төмөндөгүчө эскерет: "1945-жылкы 9-май күнү бүгүнкүдөй эсимде. Согуш бүткөнүн укканда сүйүнгөнүбүздөн ыйлап, ошол эле учурда бийлеп да жаттык".
Кыргызстан согушуп аткан армияга 365 миң киши же ар бир төртүнчү адам канмайданга аттанган. Алардын жүз миңден ашууну туулган жерине кайтпай калышты.
Ооруктун күчү Жеңишти тездеткен
Көк-Жаңгак шаары. 1943-жыл.
1941-жылы Ленинград шаарын фашисттик Германиянын аскерлери курчоого алып, шаардагы балдар эвакуацияланган. Алардын айрымдары Кыргызстанга да алып келинген. Аларды ошол кезде Ак-Булак колхозунун 16 жаштагы катчысы Токтогон Алтыбасарова Ленинграддан келген 150 баланы баккан. (Сүрөттөр Токтогон Алтыбасарованын үй-бүлөсүнүн жеке архивинен алынды).
Фрунзе облусу. Сүрөттүн автору: К.Вильчинская. 1943-жыл.
Сүрөттүн автору: С.Харченко. 1941-жыл.
150 миң ашуун кыргызстандыктар кан майданда көрсөткөн эрдиги үчүн орден, медалдар менен сыйланган. 72 кыргызстандык Советтер союзунун баатыры деген наамга ээ болушкан.
9-май – Улуу жеңиш күнүн быйыл Нарын облусунда 12 ардагер белгилейт. Тоолуу облустан кан майданга 19 миңге жакын жоокер аттанган. 95 жаштагы Асек Усубалиев согуштагы кырчын кезин эскерди.